Кытай өзөктүк келишимди жана Коопсуздук Кеңешинин 2231-резолюциясын сактоого жана жүзөгө ашырууга чакырды

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы өзөктүк келишимге мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери бул келишимди жана 2231-резолюциясын сактоо жана жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрөрүнө үмүт артып жатканын билдирди.

Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэньбинь кечээ, дүйшөмбү күнү жума сайын өтүүчү пресс-конференцияда билдиргенин «Fars News» агенттиги жазды.

Ал азыркы учурда Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселе өтө татаал жана сезимтал маселе болуп турганына токтолуп, “Тышкы иштер министрлеринин жыйыны аркылуу бардык тараптар өзөктүк келишимди жана Коопсуздук Кеңешинин 2231-токтомун сактоо жана жүзөгө ашыруу үчүн аракеттерин мындан ары дагы күчөтөт деп үмүттөнөбүз”, – деди.

Ошондой эле, Ван Вэньбинь өзөктүк келишимге мүчө тараптарды (Иран, Улуу Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия) Ирандын саясий маселесин дипломатиялык жолдор менен чечүү үчүн саясий чечкиндүүлүктү колдонууга чакырды.
Мындан тышкары, Пекин өзөктүк келишимди сактоо үчүн аракеттерин улантып жатканын баса белгилеп, “Кытай Жакынкы Чыгышта (Батыш Азия) өзөктүк куралды жайылтпоо тутумун жана тынчтыкты, туруктуулукту сактоо боюнча аракеттерин улантуу үчүн бардык тараптар менен кызматташууну уланта берет”, – деди.

Белгилей кетсек, кечээ дүйшөмбү күнү Европа Бирлигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеф Боррелдин катышуусунда Ирандын жана 4 + 1 тобунун тышкы иштер министрлеринин бейрасмий жолугушуусу өттү. Бул жолугушууджа Кытайдын ТИМ жетекчиси Ван И Америка Кошмо Штаттарын өзөктүк келишимге алдын-ала шарттарсыз кайтып келүүгө үндөп өттү. Ал өз сөзүндө, Ирандын өзөктүк келишимдеги милдеттенмелеринин азайышына АКШнын өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгуусу жана Вашингтондун Тегеранга каршы “максималдуу кысым көрсөтүү” саясаты себеп болгонун баса белгиледи.

Буга чейин, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Иран жана 4 + 1 тобунун тышкы иштер министрлеринин дүйшөмбү күнкү жолугушуусу өзөктүк келишимди сактоо зарылдыгын белгилөө максатында өткөрүлөрүн билдирген.

Комментарий жиберүү