Бириккен Улуттар Уюмунда “Палестина Элинин Туруктуу Эгемендиги” резолюциясы кабыл алынды

БУУнун Башкы Ассамблеясы көпчүлүк добуш менен оккупацияланган аймактар, анын ичинде Кудс боюнча “Палестина элинин туруктуу эгемендикке укугу” резолюциясын кабыл алды.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, бул резолюция 153 макул, 6 каршы жана 17 калыс добуш менен жактырылды.
Палестинанын басып алынган аймактарына, анын ичинде Кудска карата “Палестина элинин туруктуу суверендүүлүккө укугу” резолюциясы кабыл алынгандан кийин, Палестинанын ТИМ жетекчиси Рияд аль-Малики Палестина элинин табигый ресурстарга, анын ичинде топуракка, энергияга жана сууга болгон укуктарына көңүл бурууга чакырды.
Аль-Малики резолюция боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын оң добуш берүүсүн Палестина элинин ажырагыс укуктарынын эл аралык деңгээлде таанылышынын белгиси деп мүнөздөдү жана эл аралык коомчулук бул резолюцияларды аткарууга тийиш деп кошумчалады.
Палестинанын тышкы иштер министри ошондой эле эл аралык коомчулукту сионисттик режимдин ар кандай укук бузууларын жана талап-тоноолорун токтотууга үндөдү.

Комментарий жиберүү