Израилдин парламенти таркатылды

Кнессеттин төрагасы сионисттик режимдин 23-чакырылыштагы парламенти таркатылып, оккупацияланган аймактарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлө тургандыгын жарыялады.

Tasnim News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, сионисттик режимдин Кнессети (парламенти) 23-декабрда мамлекеттик бюджеттин бекитилишинин мыйзамдуу мөөнөтү аяктап, бюджеттин жылдырылышы боюнча мыйзам долбоору жактырылбагандыгына жана башкаруучу коалициянын кулашына байланыштуу таркатылды.
Кнессет каналынын билдиргенине караганда, сионисттик режимдин парламентинин төрагасы “Ярий Левин” парламенттин таркатылгандыгын жана 24-парламенттик шайлоосун 2021-жылдын 23-мартында өткөрүү ниетин расмий жарыялаган.
Израилдеги парламенттик шайлоонун кезектеги айлампасы 2021-жылдын 23-мартында өтсө, эрте таркатылган Ликуд (төрагасы Нетаньяху) жана Көк жана Ак партияларынан турган коалициялык өкмөт (Башчысы Бенни Ганц) болжол менен 7 айга созулат.
Белгилей кетсек, сионисттик режимдин парламентинин таркатылышы Бенжамин Нетаньяху менен Бенни Ганцтын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Юстиция министрлигине дайындоолорго, кынтыксыз кызматтарга жана премьер-министрдин ротацияланышына байланыштуу маселелерде саясий партиялар туңгуюкка кептелгенден кийин болду.

Комментарий жиберүү