Индияда газ түтүгүндө катуу жарылуу болду

Индиянын батыштагы Гужарат штатында газ түтүгү жарылып, бир адам каза болду.

Бул тууралуу Индиянын бийлиги билдирүү жасаганын «Parstoday» агенттиги маалымдады.
Жарылуудан кеминде бир адам каза болгон жана дагы эки адам жаракат алганы айтылууда.
Индиянын расмий өкүлдөрүнүн берген маалыматына караганда, жарылуудан Индиянын Гандингер аймагындагы мунай жана жаратылыш газ компаниясына (ONGC) жакын жайгашкан эки турак үй талкаланган жана аймактын айрым жашоочулары урандылардын алдында калышкан.
Гандинагар аймагынын расмий өкүлү Кулдип Арья жарылууга түтүктүн бир жеринен газдын чыгышы себеп болгонун билдирди. Кырсыктын так себеби азырынча белгисиз, бирок маалымат каражаттары кырсыкка Индиянын мунай жана жаратылыш газ компаниясы (ONGC) күнөөлүү деп билдиришүүдө.
Бирок, ONGC жарылган түтүктөр компанияга таандык эместигин билдирди. Индия бийлиги Индиянын Гандинагар аймагында куткаруу иштерин улантып жаткандыгын кабарлады.

Комментарий жиберүү