Түркия НАТОго АКШнын С-400гө каршы санкцияларына байланыштуу эскертүү жасады

Түркиянын Коргоо министри НАТОго эскертүү берди: Биз АКШнын санкциялары бизге эч кандай зыян келтирбеши үчүн колдон келишинче аракет кылабыз, анткени бул биздин НАТО менен биргелешкен аракеттерибизге терс таасирин тийгизет.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Орусиянын С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алгандыгы үчүн АКШнын Түркияга каршы санкциялары НАТОнун алкагындагы биргелешкен иш-аракеттерге терс таасирин тийгизерин билдирди.
“Биз АКШнын санкциялары бизге эч кандай зыян келтирбеши үчүн баардык аракетибизди кылабыз. Анткени бул санкциялар биздин НАТО менен биргелешкен аракеттерибизге терс таасирин тийгизет. Америка Кошмо Штаттары бул чечимин тезинен карап чыгышы керек”, – деди Хулуси Акар.
Түркия менен АКШнын мамилелеринде кризис жараткан Орусиянын С-400 системаларын Анкарага жеткирүү 2019-жылдын июль айынын ортосунда башталган.
Вашингтон Түркияны акыркы F-35 истребителдеринин сатылышын кечеңдетебиз же ал тургай жокко чыгарабыз деп коркутуп, ошондой эле “КАТСА” мыйзамына ылайык Анкарага жазалаларды киргизерин билдирди. Түркияны Орусия менен келишимин жокко чыгарууга жана анын ордуна АКШнын “Patriot” системаларын сатып алууга үндөдү. Бирок, Түркия АКШнын сунушунан баш тартып, кошумча С-400 тобун сатып алуу үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрдү улантты.

Комментарий жиберүү