АКШ Индонезияга Израил менен келишүү үчүн 2 млрд. доллар пара сунуш кылган

АКШнын жогорку даражалуу кызматкери Индонезия өкмөтүнө сионисттик режим менен компромисс келишимине кошулуу үчүн миллиарддаган доллар пара сунуштады.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун билдиргенине караганда, АКШнын  Африка-араб өлкөлөрүнө сионисттик режим менен компромисске алып барууга убада бергенден кийин, Вашингтон эми Индонезияга да бул компромиссти кабыл алышы үчүн кысым көрсөтүп жатат.
АКШда жайгашкан Эл аралык каржы корпорациясынын президенти Adam Boehler Индонезия Дональд Трамптын сионисттик режим менен компромисске баруу планына кошулса, миллиарддаган  долларлык каржылык колдоодон утушу мүмкүн деп эсептейт.
Белгилей кетсек, Адам Боэлер Bloomberg агенттигине берген маегинде, Индонезия менен Израилдин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулса, компания Индонезияга учурдагы 1 млрд. долларлык инвестициясын жок дегенде эки эсе көбөйтүшү мүмкүн экендигин ырастаган.
 “Эгерде алар (Индонезия) даяр болсо, анда алар (Израиль) да даяр, андыктан биз аларды келечекте азыркыга караганда да көбүрөөк колдоо көрсөтөөрүбүзгө кубанычтабыз”,- деди Adam Boehler.
Ал мындай деп кошумчалады: “Бир нече өлкө АКШ менен байланышып, Израиль менен мамилесин жөнгө салууга аракет кылып жатышат жана менин оюмча, Трамптын мөөнөтү аяктаганга чейин көптөгөн келишимдер жарыяланып калышы мүмкүн”.
Эске салсак, акыркы айларда Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Судан жана Марокко сионисттик режим менен компромисс келишимине кол коюшкан.

Комментарий жиберүү