АКШ Когрессинин 150 мүчөсү Байдендин “Өзөктүк келишимге” кайтып келишин колдойт

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байденге Конгресстин 150 мүчөсү кат жолдоп, анын БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайтуу чечимин колдошту.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, 23-декабрда делегаттар Байдендин АКШнын лидерлигин жана дипломатиясын жандандыруу боюнча милдеттенмесин кубатташаарын билдиришти.
“Дипломатия Ирандын өзөктүк программасын токтотуунун жана артка кайтаруунун, аймактагы чыңалууну азайтуунун жана биздин өлкөнүн коомго кайра кошулушун жеңилдетүүчү эң мыкты ыкма экендигине кошулабыз”,- деп билдиришти Конгресс мүчөлөрү.
Белгилей кетсек, Америка конгрессмендеринин Жо Байденге жолдогон катында мындай деп жазылган: “Биз Ирандын өзөктүк программасынын чектерин калыбына келтирүү боюнча зарыл болгон дипломатиялык чараларды тез арада жүзөгө ашырууга жана Иран менен АКШнын дагы Комплекстүү Биргелешкен Аракеттер Планына (CПВД) кийинки сүйлөшүүлөрдүн башталышы катары кайтып келиши үчүн бирдиктүү колдоо көрсөтөбүз.”
Конгресстин мүчөлөрү кошумчалагандай, Трамптын администрациясынын Иранга карата маанисиз жана чагымчыл саясаты аймактык чыңалууну жана америкалык күчтөргө жана өнөктөштөргө каршы чабуулдарды күчөтүп, каршылаштыкты көбөйттү.
Катта мындай деп кошумчаланды: “Трамптын администрациясы БУУнун Коопсуздук Кеңешинен бир тараптуу чыгып кетиши, АКШнын негизги союздаштары менен мамилесин солгундатып, лидерликти жана таасирин төмөндөттү.”
Эске салсак, 2018-жылы Дональд Трамп АКШны БУУнун Коопсуздук Кеңешинин курамынан чыгарып, 2231-резолюцияга ылайык алынып салынган санкцияларды кайра киргизип, Иранга карата эң жогорку басым саясатына ылайык жаңы санкцияларды калыбына келтирди. Иран Ислам Республикасы бир жылдан кийин Өзөктүк келишим боюнча  5 кадам менен өзөктүк милдеттенмелерин кыскарткан.

Комментарий жиберүү