Түркмөнстандагы «Дарваза» – 48 жылдан бери күйүп келе жаткан табышмактуу өрт

Жерде дээрлик 50 жылдан бери өрт өчпөй күйүп келе жаткан бир жер бар. “Тозоктун дарбазасы” деген атка конгон бул жер мунай жана газ ресурстарына бай Түркмөнстанда жайгашкан.

Кытайлык “Sohu” порталынын колдонуучулары эмне үчүн өрттү өчүрүүгө эч ким батынбайт? деген суроолорду беришет.

Түркмөнстан өзү дүйнөдөгү эң кургак региондордун биринде жайгашкандыгына карабастан, мунай жана газ ресурстарына бай жана мунай-газ өнөр-жайы – анын негизги өнөр-жай тармагы болуп саналат. Дарвазанын жашоочуларынын көпчүлүгү түрктөрдүн этникалык тобунан чыккан түркмөндөр. Алар дагы деле жарым көчмөн жашоо образын жүргүзүшөт.

1971-жылы бургулоо иштерин жүргүзүү учурунда  советтик геологдор жер алдындагы көңдөйдү табышкан, топурак өтө борпоң болгондуктан, чоң диаметрдеги чуңкур калтырып урап түшкөн. Уулуу газдар чыгып кетпеши үчүн, ал жерди өрттөөнү  чечишкен. Геологдор өрт бир-эки күндө өчөт деп ойлошкон, бирок өрт 48 жыл бою өчпөй күйүп турат деп эч ким ойлогон эмес.

2018-жылга карата кратердеги жаратылыш газын күйгүзгөн өрт дагы деле өчө элек, ошол себептен жергиликтүү тургундар бул жерди “Тозоктун дарбазасы” деп аташат.

Маалыматта айтылгандай, мындай өрттүн чыгымы өтө эле жогору. Бул жерде баалуу ресурс жаратылыш газы текке кетип жатат. Өрттөн улам, түркмөн өкмөтү адамдардын жашоосуна таасирин тийгизет деген коркунучтардан улам, бул жерден жаратылыш газын өндүрбөө чечимин кабыл алган. Бирок, жаратылыш газынын тынымсыз күйүп турушу Түркмөнстандын ресурстары да тынымсыз азайып бараткандыгын билдирет. Тийиштүү адистердин эсептөөлөрү боюнча, Түркмөнстан “Тозок дарбазасындагы” өрттөн улам жыл сайын болжол менен 50 миллиард доллар жоготоору аныкталган.

Эбегейсиз көп ресурстар текке кетип жаткандыктан улам, Түркмөнстан экономикасын колдоо максатында туризмди өнүктүрүү  чечимин кабыл алган. Бирок өлкөгө келген туристтердин саны аз болгон. Бирок, 2013-жылы Жорж Курунис аттуу дүйнөгө таанымал экстремал жогору температурадагы (Цельсия боюнча 1000 градустан жогору) жалын каптаган чуңкурдун түбүнө (30 метрге) түшүп, Түркмөнстандагы “Тозок дарбазасына” кирген биринчи адам болгон. Андан кийин ал Дарвазанын сүрөттөрүн жарыялагандан кийин, анын көптөгөн күйөрмандары да газ чуңкуруна кызыгып, бул жерге келе башташкан. Барган сайын туристтердин саны көбөйүп, ал акыры өлкөдө туризмди жөнгө салууга жардам берген.

Бирок, учурда Түркмөнстандын өкмөтү өрттү өчүрүүгө шашылбайт. Эмнеге? Чындыгында, адамдар аны өчүрүүдөн коркушат: бул жерде жаратылыш газынын запасы салыштырмалуу бай жана өрттү өчүрүү өтө кыйын. Алар ошондой эле жарылуу же башка зыяндуу газдар чыгып кетиши мүмкүн деп кооптонушат, анда өрттү өчүрүү өтө кыйын болуп калат.

Комментарий жиберүү