Шейит Касем Сулеймани деген ким?

Кыска өмүр баяны.

Касем Сулеймани 1957-жылы 11-мартта Ирандын Керман провинциясынын Рабор округунда туулган. 18 жашында Керманда суу тазалоо бөлүмүнө жумушка орношкон. Имам Хомейнинин (а.р.б) көтөрүлүшү башталганда Реза Камяб аттуу диниятчылардын бири Касем Сулейманиге жолугуп, аны революциялык кыймылга катышууга үндөгөн. Касем Сулеймани Ислам революциясынын түптөлүшү мезгилинде Керманда шах режимине нааразычылык акцияларынын негизги демилгечилеринин бири болгон. 1980-жылы Касем Сулеймани Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун (КСИР) катарына кошулган. Иран-Ирак согушунун башталышында ал Кермандын эки батальонунун командири болгон. Кыска убакыттын ичинде, тактап айтканда 1981-жылы, ошол учурда ИККны жетектеген куралдуу күчтөрдүн командачысы Мухсен Резаинин чечими менен Касем Солеймани 25 жашында 41-дивизиянын “Сарола” командачылыгына дайындалган. Башынан эле, ал бул кызматка ишенимдүү жана тайманбастык менен кирип, Керман, Систан жана Белужистан күчтөрүн ийгиликтүү башкарган. Иран-Ирак согушу учурунда Касем Сулеймани, “Вал Фажр 8”, “Кербала 4” жана “Кербала 5” операциялары учурунда катышкан күчтөрдүн командирлеринин бири болгон.

 “Кудс” күчтөрүн башкаруу

2000-жылы Руханий лидер сейид Али Хаменеинин чечими менен Касем Сулеймани КСИР күчтөрүнүн Кудс бөлүмүнүн командири болуп дайындалган. Касем Сулейманинин ушул кызматка сиңирген эмгектеринин катарында Ирандын Азиянын батыш тарабындагы таасиринин күчтөнгөндүгүн белгилөөгө болот. Касем Сулеймани исламдык ойгонууда жана Ливандагы Хезболла менен Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрүндө өзгөчө роль ойногон. Алардын эң ачык мисалдарынын бири – Хизболланын Ливандагы 33 күндүк согушундагы жеңиштер жана Палестинанын Газа тилкесинин 22 күндүк Израиль күчтөрүнүн жасаган согушундагы жеңиштери.

ИШИМдин аягына жеткен

2017-жылдын 21-сентябрда бир диний жөрөлгө убагында Касем Сулеймани төмөнкүлөрдү айтты: “Үч айга жетпеген убакытта ИШИМдин дүйнөнүн бул бөлүгүндөгү таасири аяктаганы жарыяланат.”

 Кыйын күндөрдүн адамы

Батыш тарабынан түзүлгөн жана Сауд Арабия Падышачылыгы тарабынан каржыланган ИШИМ жана башка террордук уюмдардын жаңы коркунучунан улам Касем Соулеймани расмий түрдө Сирия жана Ирак өкмөттөрү тарабынан консультативдик жардам көрсөтүү үчүн чакырылган. Иракта анын катышуусу менен “Хашад аш-Шаби” элдик коргонуу отряддары түзүлдү, ал эми Сирияда “Кувват ад-дифа аль-Ватани” улуттук коргонуу күчтөрү, алты жылдын ичинде Кудс күчтөрүнүн колдоосу жана кеңеши менен, дээрлик толугу менен ИШИМден кутулууга жетишти.
Касем Сулеймани Москвага сапар тартып, президент Владимир Путин менен жеке жолугуу менен бул өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы антитеррордук коалицияга кошулуусунда маанилүү роль ойногон. Касем Сулейманинин региондун күчтөрүн башкаруу жана душманга каршы туруу чеберчилиги Американын жана Израилдин өкүлдөрүн коркутту жана алар аны “Израилдин жаман түшү” жана “Жакынкы Чыгыштагы эң күчтүү адам” -деп аташкан.

ИШИМди жеңүү

Сулеймани Ливан, Палестина, Ирак, Ооганстан жана башка өлкөлөрдүн жардамы менен ИШИМ түзүмүн жок кылууга жетишти. Бул анын аймактагы душмандарынын пландарын бузган жана алардын бардык иштерин текке кетирген глобалдык иштеринин бири. Шейит Касем Сулеймани аймактын ар кайсы элдери тарабынан көрсөтүлгөн жардам жана колдоонун аркасында Американын Батыш Азиядагы бардык кылмыштуу пландарынын алдын алды. Американын Ирак жана Сириядагы пландары ушул шейиттин жардамы менен ишке ашпай калды. Ирактын ыймандуу эли алдыдагы коркунучка каршы тайманбастык менен турду жана шейит Сулеймани аларга жардам колун сунду. Ал, аскер экспертинин кеңешчиси болуп, ошону менен Сирия жана Ливанда чоң кызмат кылды.
 Аллахтын ырайымы менен Хезболла күндөн-күнгө потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн гана көбөйттү жана бул жерде шейит Касем Сулейманинин ролу чечүүчү болду. Дал ушул себептен АКШнын президенти Дональд Трамп Касем Сулейманини ракеталык сокку менен жок кылуу буйругун ал 2020-жылы 3-январда Багдад аэропортунун аймагында турганда берген.

2020-жылы 17-январда Имам Хаменеи жума кутбасында мындай деди: “Бул адамдар аймактагы террорчуларга каршы иш-аракеттерде эң тажрыйбалуу жана активдүү командир болгон адамга каршы террордук чабуул жасашты. Ал жасаган ишти жасай алган башка адамдар барбы? Америка бул кишини өлтүрүп, чоң жамандык кылды. Бул кылмыш түбөлүккө ушул мамлекетте тарых барактарында уяттын тактары катары кала берет. “
 Касем Сулеймани ар дайым шейит болууга умтулуп, ал максатына жетти. Анын шейит болушу менен бизге ипериалисттик башкаруунун акыры жакындап келатканы ачык-айкын көрүндү.

 “Биздин бактылуу досубуз”, “Касем Сулеймани деген ким?” китептеринен алынды.

Комментарий жиберүү