АКШ Сауд Аравиясына 478 млн. долларлык курал сатууну көздөп жатат

АКШнын Мамлекеттик департаменти Конгресске жолдогон катында Сауд Аравиясына 75 миң даана ок-дары сатуу ниетин билдирген.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Мамлекеттик департамент Конгресске жолдогон катында Сауд Аравиясына 75 миң башкарылуучу бомба жана курал-жарактарды сатууга даярданып жаткандыгын билдиргенин Bloomberg каналы жарыялады.
Телекөрсөтүү тармагынын маалыматы боюнча, 478 млн. долларды түзгөн бул куралдардын наркын Конгрессте АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган.
Bloombergдин билдирүүсүндө, келишимдин чоо-жайы 2020-жылдын январь айында мыйзам чыгаруучуларга расмий эмес түрдө жарыяланган, бирок ага демократтар каршы чыгышкан.
Белгилей кетсек, Жо Байден АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетсе, Вашингтон-Эр-Рияд мамилелерин кайра карап чыгууга убада берген. Ал эми куралдарды сатууга уруксат анын өкмөтү кызматка киришкенге чейин берилиши күтүлүүдө.
Эске салсак, Укук коргоочу топтор саудиялыктардын Йемендин эзилген элине каршы согушта америкалык куралды колдонушун катуу сынга алышкан. Анткени, Йемен согушу он миңдеген йемендиктерди өлтүрүп, жарадар болуп жана миллиондогон жарандардын үй-жай таштап кетүүдөн башка, агрессорлор үчүн эч кандай натыйжа берген жок.

Комментарий жиберүү