Генерал Сулеймани ИШИМге каршы согушта баатыр болгон

Орусиялык аскердик репортер Евгений Поддубный ирандык генерал Касем Сулейманини террордук топторду басууда маанилүү ролду ойногон ИШИМ террордук уюмуна каршы согуштун баатыры деп атады.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады.

“Россия 24” телеканалынын аскердик репортеру Поддубный Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” атайын аскердик бөлүгүнүн кол башчысы, шейит болгон генерал Касем Сулеймани Иракта өлтүрүлгөндөн кийин өзүнүн телеграммдагы каналындагы билдирүүсүндө Сулейманинин АКШ тарабынан өлтүрүлүшүн Иранга кол салуу деп атаган.

Орусиялык журналист Ирак менен Сирияга көп жолу барган. Бул өлкөлөрдөгү миссияларында террорчуларга каршы күрөшкө байланыштуу окуяларды чагылдырган. Ал өз сөзүндө генерал Сулеймани менен болгон жолугушуусун эскерип мындай деди:

“Мен генерал Сулейманиге Сирияда кокустан бир нече жолу жолуктум, алардын бири 15 мүнөткө созулган”. Анын айтымында, Абу-Кемал аймагында болгон жолугушууда Касем Сулеймани жолдогу жансакчысы жана котормочусу менен бирге жергиликтүү айыл тургундары менен баарлашып турган. “Биздин топ Сулейманин жанынан өтүп баратканда, ал биз менен саламдашып, бизден аны сүрөткө же видеого тартып албоону суранды. Сулеймани кызыгуу менен сүйлөп, аймактагы кырдаал жана ИШИМ террордук тобу жөнүндө айтып берди. Генерал 15 мүнөттүк сүйлөшүүдөн кийин жипине отуруп, кетти”, – деп ал.

Журналисттин айтымында, Иран үчүн “Аль-Кудс” аскердик бөлүгүнүн кол башчысы ИШИМ террорчуларынын үстүнөн болгон жеништердин атасы болгон жана Иран элинин арасында абдан популярдуу болгон. Поддубный Америка Кошмо Штаттарынын иш-аракеттери жөнүндө айтып жатып, АКШ үчүн аймактагы миллиондогон адамдардын тагдыры эч кандай мааниге ээ эмес экенин айтып, АКШнын ар бир президентинин “өзүнүн согушу болушу керек” деп билдирди. Ал Сулейманинин АКШ тарабынан өлтүрүлүшүн Иранга кол салуу деп атап, “Израиль да Сулейманиге кол салган жок”, – деп билдирди.

Белгилей кетсек, Иран Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” атайын бөлүгүнүн жетекчиси генерал Касем Сулеймани жана “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди ал-Мухандис ушул жылдын 3-январында АКШнын Багдад эл аралык аэропортунун жанына абадан жасаган соккусунда өлтүрүлгөн.

Комментарий жиберүү