Йемен согушунан бери 2100 күн өттү; 43 000 адам курман болду жана жаракат алды

Йемендеги алты жылдык согуштун акыркы статистикасына ылайык, ушул кезге чейин 17042 адам каза болуп, 26355 адам жаракат алган.

 Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей,   Йемендеги согушта курман болгондордун саны боюнча акыркы статистиканы иликтеген жана документтештирген “Айн” адам укуктары борборунун 23-декабрдагы отчетунда 2100 күндүн ичинде 43 397 адам өлүп, жаракат алганы айтылган.
Маалыматка ылайык, ушул кезге чейин 17042 адам өлтүрүлүп, анын 2389у аялдар, 3804үн балдар түзгөн. Ал эми жаракат алышкан 26355 адамдын 2801и аялдар жана 4128и балдар болушкан.
Ошондой эле Сауд коалициясынын кол салууларынан кийин 569 283 үй, 177 Жогорку окуу жайлары, 1393 мечит, 399 туристтик борбор, 389 оорукана жана клиника, 1099 мектеп жана колледж кыйрады.
Буга кошумча, 133 спорт борбору, 7500 айыл чарба фермасы, 254 байыркы эстеликтер жана 47 медиа борборлору да бутага алынган.
Белгилей кетсек, Адам укуктары боюнча “Айн” борбору өз отчетунда Сауд коалициясы экономикалык объектилерди атайылап бутага алып жатат деп билдирди.
Сауд Аравия жетектеген коалиция аркылуу Йемендин 11365 соода борборлору, 393 мастерскойлор, 289 май куюучу бекеттер, 411 бакма канаттуулар фабрикалары жана 463 балыкчы кайыктары, 7222 унаа, 899 азык-түлүк кампалары, 392 күйүүчү май куюлган цистерналар, 678 соода базарлары бомбаланды.
Ошондой эле акыркы 2100 күндө 15 аэропорт, 16 порт, 305 электр станциялары, 545 тармактар жана байланыш станциялары жана 2181 суу сактагыч, 2974 мамлекеттик имараттар жана 4490 жол жана көпүрөлөр бомбаланды.
Эске салсак, Йемендин саламаттыкты сактоо министри доктор Таха аль-Мутавакил дагы 24-декабрдагы отчетунда Сауд коалициясы согушта колдонгон куралдардын айынан йемендик балдардын арасында генетикалык кемчиликтер көбөйгөнүн жарыялады.

Комментарий жиберүү