Нигерияда дагы коронавирустун жаңы түрү табылды

Африканын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун башчысы Нигерияда коронавирустун жаңы түрү бар экендигин жарыялады.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Африкадагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун директору Жон Нкенгасон Нигерияда коронавирустун P681H деп аталган жаңы түрү бар экендигин билдирди.
Анын айтымына караганда, Нигерияда аныкталган вирус жакында Улуу Британияда байкалган коронавирустун жаңы түрүнөн айырмаланат. Бул вирустун жаңы түрү Түштүк Африка Республикасында табылган вируска окшош.
Жон Нкенгасондун айтымында, азырынча бул вирустун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтуу али эрте. Алдын ала чыгарылган жыйынтыктарга караганда, коронавирустун бул түрүнүн Түштүк Африкадагы табылган түрүнө караганда жугуштуулугу азыраак.
Бүгүнкү күнгө чейин, коронавирустун 4000ден ашуун түрү катталган, бирок Улуу Британия менен Түштүк Африкада табылган үлгүлөрү мурунку мутацияларга караганда алда канча жугуштуу болгондуктан, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Коронавирустун бул жаңы түрлөрү вакциналарынын вирус менен күрөшүү жөндөмүнө дагы таасирин тийгизиши мүмкүн.
Доктор Жон Нкенгасон Нигериядагы коронавирустун жаңы түрүнүн вакциналарга таасир тийгизүүсү азырынча белгисиз экендигин жана аны иликтөө үчүн убакыт талап кылынарын айтты.
Ушул аптада Африкада коронавирустун жаңы түрлөрүн, анын ичинде Түштүк Африкада табылган вирусту талкуулоо үчүн чукул жыйын өткөрүлмөкчү.
Буга чейин, Түштүк Африкада коронавирус мутацияланганы кабарланган. Өлкөнүн илимпоздору SARS-CoV-2 вирусунун белгисиз түрүн аныкташкан. Түштүк Африка Республикасынын саламаттыкты сактоо министри бул өлкөдөгү коронавирустун экинчи толкуну оорунун ушул өзгөчө мутациясы менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин билдирген.

Комментарий жиберүү