Орусия НАТО үчүн эң чоң коркунуч деп аталды

Орусияда куралдуу күчтөрдүн кеңири модернизацияланышы жана куралдардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушу НАТО үчүн негизги коркунуч деп аталды.

Мындай пикирин Америка Кошмо Штаттарынын Европадагы Башкы штабынын башчысы генерал Жаред Зембритцки “FAZ” гезитине берген маегинде билдиргенин «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Жаред Зембритцки Орусиянын Украинага каршы “агрессиясы” жана Крымдын аннексияланышы Чыгыш Европада туруксуздуктун күч алышынын негизги себеби деп эсептерин билдирип, журналисттердин бири тарабынан берилген “Орусия НАТО үчүн эң чоң коркунуч эмеспи?”,- деген суроого “Албетте, ошондой”, – деп жооп берди.
“Орусиянын коркунуч жаратып жатканы чын. Орусия куралданууну, куралдуу күчтөрүн кеңири модернизациялоону улантууда жана барган сайын бийликке болгон каалоосун көрсөтүп жатат”, – деди генерал Жаред Зембритцки.
Ошондой эле, НАТО Орусиянын коркунучуна жооп катары, Польшага жана Балтиканын үч өлкөсүнө согуштук топторун жайгаштырып койгонун баса белгилеп өттү. Мындан тышкары, ал Европа Орусия менен боло турган кагылышууга даярданып, ар кандай сценарийлердин үстүнөн үзгүлтүксүз иштеп жатканына токтолуп, “Бул Орусия үчүн чыныгы тоскоолдук болуп саналат”, – деди.
Буга чейин, Американын “National Interest” журналы С-400 ракеталык тутумун НАТО үчүн коркунуч деп атаган жана “С-400” мурунку С-300 системаларынан иштеши жана жөндөмдүүлүгү боюнча бир нече эсе жогору деп жазган.
Журнал жарыялаган маалыматка ылайык, С-300 бул узак аралыкка учуучу абадан коргонуу тутуму гана. Ал эми Орусиянын жаны системасы же тактап айтканда С-400 бир топ ар тараптуу жана төрт башка ракета менен, жакынкы аралыкта жана алыскы аралыкта дагы бутага сокку ура алат. Макаланын авторунун айтымына караганда, С-400 бир эле учурда 80ге чейин бутага жана башкарылуучу 160 ракетага сокку ура алат.

Комментарий жиберүү