АКШдагы расизмге каршы жаңы толкундоолор күч алды

Америка  Кошмо Штаттарында дагы бир кара терилүү киши өлтүрүлгөндөн кийин расизмге каршы нааразычылыктардын жаңы толкуну башталды.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Огайонун Колумбус шаарында АКШнын полициясы куралсыз адамды өлтүргөндөн кийин расалык адилетсиздикке жана полициядагы зомбулукка каршы нааразычылыктардын жаңы толкуну башталды.
Белгилей кетсек, АКШда ушул ай ичиндеги экинчи адам өлтүрүү иши катталды. 47 жаштагы кара терилүү Андре Морис Хилл 21-декабрда окуяны тергөө үчүн полицияга чакырылгандан кийин өз гаражынын жанында полиция кызматкерлери аркылуу атылган.
Хилл үч жумага жетпеген убакытта Колумбус шаарында полиция тарабынан өлтүрүлгөн экинчи куралсыз кара америкалык болуп калды.

Эске салсак, 4-декабрда Колумбус шаарында дагы бир 23 жаштагы куралсыз кара терилүү Кейси Гудсонду үйүнө кайтып келе жатканда полиция өлтүргөн.
Анын үй-бүлөсү  колунда бутерброд болгонун жана аны офицер мылтык деп ката элестетип, атып салганын айтышкан.
 Ушул өлтүрүүлөрдөн кийин, расизмге каршы демонстранттар АКШда нааразычылык акцияларынын жаңы толкунун башташты.
Алар полициянын ок атууларынан курман болгондор үчүн акыйкаттык талап кылышып, Black Lives Matter кыймылынын белгилерин көтөрүп чыгышты.

Комментарий жиберүү