Американын Теннесси штатында катуу жардыруу болду

Американын Nashville  шаарында токтоп турган унаа жарылып, анын айланасындагы имараттарга зыян келтирилди.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, 25-декабрда АКШнын Теннесси штатындагы Нэшвилл  шаарында катуу жарылуу болду.
ABC News сайтынын маалыматына ылайык, Нэшвилл шаарынын борборундагы жардыруудан кийин окуя болгон жерге полиция, өзгөчө кырдаалдар кызматы жана өрт өчүргүчтөр келишкен.
Көчөнүн капталында токтоп турган чоң жүргүнчү ташуучу фура жарылып, айланадагы имараттарга зыян келтирилгенин Нэшвиллдеги Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Теннессидеги жергиликтүү жаңылыктар сайты Нэшвиллдин расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап, окуя “атайылап жасалган иш” болгонун жана окуя болгон жерге бомба жок кылуучу күчтөр жөнөтүлгөнүн билдирди.
Учурда полиция жана федералдык күчтөр дагы окуяны иликтөөдө. Айрым жергиликтүү маалымат булактары билдиргендей, жардыруудан үч адам жаракат алды.

Комментарий жиберүү