Пашинян: “Кызматтан кетүүгө даярмын”

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматынан кетүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Пашинян Фейсбуктагы баракчасына “Элдин чечими менен премьер-министрлик кызматтан кетүүгө даярмын. Мен премьер-министрликтен элдин чечими менен гана кете алам”, – деп жазды.

Армения өкмөтүнүн башчысы эгер эл ага ишеним арта турган болсо, анда  ушул оор учурда Арменияда лидерликти улантууга даяр экенин кошумчалады. Арменияда оппозициялык топтор 10-ноябрдан бери Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып нааразычылык акцияларын өткөрүп жатышат.

Нааразычылыктар Тоолуу Карабакта ок атышпоо боюнча келишимге кол коюлгандан кийин башталган. 9-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабак аймагындагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча биргелешкен билдирүү жасашкан. Ал келишим боюнча Тоолуу Карабактагы кагылышуулар толугу менен токтоп, Баку менен Ереван өз позицияларында калышып, бул аймакка Орусиянын тынчтык күчтөрү жайгаштырылган.

Комментарий жиберүү