Британиядан чыккан COVID-19дун жаңы түрү Түштүк Кореяга жетти

Түштүк Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу агенттиги Улуу Британиядан кайтып келген үч кишиден коронавирустун мутацияланган жаңы түрү аныкталганын маалымдады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады.

Вирус аныкталган адамдар Британиядан 22-декабрда келишкен.

Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрү Улуу Британия менен болгон түз аба каттамдарын  токтотууну дагы бир жумага, 7-январга чейин узартууну пландап жатканын “RT” агенттиги маалымдады. Ошондой эле Британия жана Түштүк Африка өлкөлөрүнөн келгендер коронавируска тест тапшырышы керек.

Улуу Британияда пайда болгон коронавирустун мутацияланган жаңы түрү буга чейин Франция, Дания, Исландия, Сингапур, Япония, Канада жана Европанын башка бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Австралия менен Швецияда табылган.

Түштүк Кореяда азыркы убакка чейин коронавирустун 57 мин 680 учуру катталып, анын 819у көз жумган.

Комментарий жиберүү