БУУ 2021-жылы Йемендеги согушту токтотууга чакырды

БУУнун Йемендеги атайын өкүлү Йемендеги согушту 2021-жылы толугу менен токтотууга чакырды.

“Isna” агенттигинин маалыматына ылайык,  Бириккен Улуттар Уюмунун Йемен маселеси боюнча атайын өкүлү Мартин Гриффитс, 2020-жылы Йеменде кан төгүү, жер которуу, рецессия уланып, COVID-19 жайылып, бул жыл дагы йемендиктер үчүн оор жыл болду деп билдирди.
Ал Йемендеги согуштун тараптарынан жаңжалды, курчоону токтотуп, саясий жараянды токтоосуз баштоону талап кылган келишимге жетишүү үчүн аракеттерин уланта берерин баса белгиледи.
“Тараптар жолугушуп, өз ара келишпестиктерин талкуулап, реалдуу жол менен макулдашууга убакыт келди. 2021-жылы тараптар олуттуу жаңжалды токтотуу үчүн бардыгын камтыган саясий процессти улантууга олуттуу мамиле жасашын каалайт элем. Ошондой эле, Йемен маселесине катышкан тараптар аймактык максаттарга жетип, чыр-чатакты токтотуп, ар тараптуу саясий процессти калыбына келтирүүгө жана Йемен элинин муктаждыктарын биринчи орунга коюуга олуттуу мамиле көрсөтүшөрүнө үмүт артам”, – деди Гриффитс.
БУУнун өкүлү 2020-жылдын башынан бери Йемендеги тараптар менен бир нече жолугушууларды өткөрүп, аларды БУУнун ок атпоо долбоорун кабыл алууга, саясий консультацияларды жандандырууга жана экономикалык жана гуманитардык чараларды көрүүгө көндүрүүгө аракет жасады.

Комментарий жиберүү