Британиянын коронавирусу Израилге жетти

Сионисттик маалымат каражаттары Британиянын коронавирусу өлкөгө жеткенин кабарлашты.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режимдин маалымат каражаттары басып алынган аймактарга Британиянын жаңы типтеги өлүмгө дуушар кылган Covid-19 вирусу келгендигин кабарлашты.
Белгилей кетсек, маалыматтарда Палестинанын басылып алынган аймактарында учурда 6 адам бул вирусту жуктуруп алган.
Ал эми ушул убакка чейин, өлкөдө 430,530 адам коронавирус илдетине кабылган жана 3226 адам көз жумган.
“Англис коронавирусу” деп аталган коронавирустун жаңы мутациясынын таралышы баштапкы түрлөрүнө караганда коркунучтуулугу 70 эсе жогору экени айтылат.
 Учурда бул вирус Англиядан тышкары, Түштүк Кореяда табылып, эми Израилге келип отурат.
Эске салсак, жаңы “англис вирусунун” жайылышы Европанын континенттеринен тартып, Азияга жана АКШга чейинки көптөгөн өлкөлөрдүн Британиядан келчү учактарын токтотушуна себеп болду.

Комментарий жиберүү