Казакстан коронавируска каршы америкалык вакцинаны сатып алат

 Бул тууралуу Islam Today маалымат порталы РИА Новостиге шилтеме берип маалымдады.
Казакстан Республикасынын бийлиги өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Шоранов “Pfizer” вакцинасы менен тиешелүү келишимге кол коюлганын билдирди.
Анын айтымында, Казакстан жакынкы аралыкта дарыны каттоого жана колдонууга документтерди берүүнү көздөп жатат.
Ал эми бул вакцинаны Казакстанга жеткирүү убактысы компаниянын өндүрүштүк кубаттуулугуна жараша болот.
 Эскерте кетсек, буга чейин Казакстан өз аймагында коронавируска каршы “Спутник V” орусиялык вакцинасын массалык түрдө өндүрүүнү баштаган.
Республикада эмдөө кампаниясы 2021-жылдын февраль айында башталат, биринчи кезекте медициналык кызматкерлер, мугалимдер, студенттер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери вакцина алышмакчы.

Комментарий жиберүү