Кытай 12 жаштан балдарды түрмөгө кесүүнү мыйзамдаштырды

 Кытайда жашы жете элек кылмышкерлер түрмөгө жөнөтүлөт.

Бул тууралуу Islam Today сайты  Associated Press агенттигине шилтеме берип жазды.
Белгилей кетсек, Кытай оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигинин курагын 14 жаштан 12 жашка түшүрдү.
Эмки жылы Кытайда жаңы мыйзам боюнча 12 жаштан баштап балдар биринчи даражадагы адам өлтүрүү, адам өлүмүнө алып келген денеге атайылап залал келтирүү жана катуу мыкаачылык менен оор жаракат келтиргендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Берилген кабарларга караганда, мыйзамга киргизилген мындай түзөтүү 2021-жылда 1-мартта күчүнө кирет.
Ушул тапта Кытайда кылмыш жоопкерчилиги 16 жаштан башталып, 14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр атайылап киши өлтүрүү, зордуктоо жана тоноо сыяктуу оор кылмыштар үчүн жазаланышы мүмкүн. Андан кичүүлөрү түзөтүү мекемелерине жөнөтүлөт.
Эске салсак, буга чейин Кытайда өлкөнүн жашоочулары жашы жете элек кылмышкерлерге карата өтө жумшак жазага нааразы болгон учурлар бир нече жолу келип чыккан.
Ушундай акыркы учурлардын бирине – 13 жаштагы өспүрүм 10 жаштагы кызды өлтүргөнү үчүн түзөтүү мекемесинде 3 гана жыл отургандыгы мисал болот.

Комментарий жиберүү