Эрдоган эмне үчүн Тель-Авив менен байланышын кайра улантууну чечти?

Түркиянын президенти жакында сионисттик режим менен жакшы мамиледе болууну каалагандыгы жөнүндө айтты.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы бир нече күндөгү анти-сионисттик позицияларга карабастан, Түркиянын президенти өз сөзүндө Анкара Тель-Авив менен мамилени жакшыртууну каалаарын билдирди.
 Белгилей кестек, акыркы жылдарда Түркия менен сионисттик режим кеңири соода мамилелерин жүргүзгөндүгүнө карабастан, дипломатиялык жана саясий карым-катнаштары бузулуп,  натыйжада 2018-жылы бири-биринин элчилери өлкөдөн чыгарылган.
Белгилей кетсек, Израилдин буйругу менен 2010-жылы курчоодо калган Газа тилкесинин жашоочуларына гуманитардык жардам алып бараткан Мармара кемесин ташыган конвойго чабуул жасалганы Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы чыңалуунун туу чокусу болгон. Чабуулда кеминде тогуз түрк активист өлтүрүлгөн. Түркия-Израиль мамилелери 2010-жылдан бери алты жылга үзүлүп калганы менен 2016-жылдын жайында, эки тарап мурдагыдай достук мамиледе болбогону менен, дипломатиялык жана экономикалык мамилелерди калыбына келтирери белгилүү болду.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жакында эле кээ бир араб өлкөлөрү менен сионисттик режимдин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу кадамдарын катуу сынга алган эле. Ал БАЭнин Тель-Авив менен мамилелерди жөнгө салуу аракетин кескин айыптап, Абу-Дабидеги элчилигин жабуу менен коркуткан. Сионисттик режимдин палестиналыктарга каршы иш-аракеттерин бир нече жолу айыптаган Анкара, жакында эле айрым араб өлкөлөрүнүн сионисттик режим менен компромисске баруу ыкмасын сынга алып, аны кандайдыр бир чыккынчылык катары сыпаттаган.
Ал эми, Almanator ноябрь айынын аягында Түркия мамилелерди жакшыртуу максатында Тель-Авив менен жашыруун канал түзгөнүн кабарлады. Түркиянын Улуттук чалгындоо агенттигинин башчысы Хакан Фидан Израилдин коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу кызматкерлери, анын ичинде Моссаддын башчысы Йоси Коэн менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн. Ал жакында эле позициясын өзгөртүп, сионисттик режим менен жылуу мамилелерди орнотконун жарыялады.
Эрдоган Израиль менен жакшы мамиледе болгусу келгенин айтуу менен саясий бомбаны жардырды. Эң кызыгы, бул Эрдогандын позициясы Марокконун сионисттик режим менен мамилелери жөнгө салынгандан кийин аныкталды.
Эске салсак, Түркия менен сионисттик режимдин ортосундагы мамилелер 1949-жылы Түрк өкмөтү режимди таанып, аны менен дипломатиялык мамилелерди орноткондо түптөлгөн. Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы  мамиле 2010-жылы чыңалганына карабастан, эки өлкөнүн чалгындоо жана экономикалык кызматташтыктарына таасир тийгизген жок.  2019-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болжол менен 10 млрд. долларга жетип, түрк авиакомпаниялары Тель-Авив аэропортуна жумасына 60тан ашуун рейс жасашкан.
 Израиль түрк куралдарынын негизги булагы болгон, анын акыры 1974-жылы АКШ жана Европалыктар Түркияга курал сатуудан баш тартканда, Түндүк Кипрге түрк аскерлеринин басып кирүүсү менен аяктаган.
Эрдоганды Тель-Авивге алып баруучу 4 себеп
Биринчиден, Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагында Арменияны жеңишине Түркия да, сионисттик режим да чоң роль ойношкон.
Ок атышпоо жарыялангандан бир нече жумадан кийин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Анкара менен Тель-Авивдин мамилесин жакшыртууга аракет кылып жатканы кабарланды.
Экинчиден, АКШ жана Европанын Түркияга каршы санкциялары себеп болду. АКШ Анкаранын Орусиядан S400 системасын сатып алуусуна каршы чыгып, ага каршы санкциялар менен коркутууда. Ал эми Европа Бирлиги дагы Греция менен Кипрдин колдоочусу катары түрктөргө каршы санкцияларды издеп жатат.
 Үчүнчүдөн, Трамптын шайлоодогу жеңилиши жана күрттөрдү колдогон Байдендин жеңиши Эрдоганды кооптондуруп, Израилге жакындоого түрткү болду. Ошондой эле Түркиядагы акыркы төңкөрүш аракетине айыпталган Эрдогандын душмандары, айрыкча Фетхуллах Гүленден сактанууга түрк өкмөтү АКШнын жаңы администрациясынын колдоосуна муктаж.

Каныкей Эже, [29.12.20 12:53]
Төртүнчүдөн, араб өлкөлөрү менен сионисттик режимдин, айрыкча Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн ортосундагы элдешүү процесси уланып жаткандыгына байланыштуу, Эрдоган бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, Израил менен гана эмес, арабдар менен да мамилелерди жылытуу максатында процесстин курамына кошулууну чечти.
Түркия Египет, Перс булуңу жана Сауд Аравиясы сыяктуу өлкөлөр менен мамилелерин өркүндөтүшү керектигин ойлонду. Албетте, Марокко менен жылуу мамиледе болбосо дагы, Рабат – Тель-Авив компромиссине байланыштуу бир дагы сөз айткан жок.
Эрдоган, жогоруда айтылган себептерден улам, аймактагы жана Жер Ортолук деңиздеги максаттарын алдыга жылдырып, АКШнын жана ЕБдин мүмкүн болгон санкцияларына каршы күрөшүп жатат деп айтууга болот. Түркия-АКШ мамилелери, жок эле дегенде, кыска мөөнөттө болсо дагы Байдендин убагында кыйын этапка кириши күтүлөт. Ошондуктан, Эрдоган сионисттик режимдин жардамы менен оппозицияны нейтралдаштырып, Вашингтондун колдоосуна ээ болууга умтулууда.

Комментарий жиберүү