Дүйнөлүк океанга болжол менен 1,5 миллиард беткап ыргытылды

Коронавирус пандемиясы айлана-чөйрөгө зыян келтирип, дүйнөлүк океандын булгануусуна алып келүүдө.

Быйыл өндүрүлгөн 52 миллиард медициналык беткаптын 1,5 миллиарддан ашыгы дүйнөлүк океанга түшөт. Бул туурасында “Oceans Asia” деп аталган океанды коргоо тобунун веб-сайтында маалымдалганын “ir.Sputnik” агентттиги кабарлады.

Активисттердин айтымында, бул дүйнөлүк океандын 4680-6240 тонна пластик менен кошумча булгануусуна алып келет. Беткаптар -полипропиленден, пластиктин жука булаларынан жасалат, алардын чирип жок болушуна 450 жыл талап кылынат. Убакыттын өтүшү менен беткаптар микроскопиялык пластикалык бөлүкчөлөргө бөлүнөт, ал океандын экосистемаларына олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн.

Океандын беткаптар менен булгануусу ошондой эле балык чарбасына жана туризм тармагына терс таасирин тийгизип, глобалдык экономикага жылына болжол менен 13 миллиард доллар зыян келтирет. “Oceans Asia” тобунун директору Гэри Стоукстун айтымында, океандын пластик менен булганышы жыл сайын 100 000ге жакын деңиз сүт эмүүчүлөрүн жана ташбакаларды, миллиондон ашык деңиз куштарын жана андан да көп балыктарды, омурткасыздарды жана башка жаныбарларды өлтүрөт.

Комментарий жиберүү