Улуу Британияда коронавирус рекорд койду

Улуу Британияда акыркы бир күн ичинде 53 миң 135адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө коронавирус жуктурган 53 135 учур катталганын билдирди. Мындай статистика биринчи жолу катталып жатат. Ал эми, өлкөдө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 2 миллион 379 миң 26 адамга жетти.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19 илдетинен акыркы бир сутка ичинде 414 адам каза таап, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 71 миң 386га жетти.
Буга чейин, өлкөдө бир күн ичинде катталган эң чоң статистика 41 миң 383 учур болгон. Дүйнө жүзү боюнча бул илдет менен ооругандардын саны 81 миллиондон ашты. Коронавирсу эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында Америка, Бразилия жана Индия турат.

Комментарий жиберүү