2020-жылы дүйнө жүзү боюнча 50 журналист өлтүрүлгөн

 Эл аралык “Чек арасыз репортерлор” уюму 2020-жылы дүйнө жүзү боюнча 50 журналист өлтүрүлгөнүн маалымдады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Аталган уюмдун баяндамасында айтылгандай, бул жылы согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдө өлтүрүлгөн журналисттердин саны башка өлкөлөрдө иш алып барган журналисттерге салыштырмалуу аз болгон. 2016-жылы ЖМК кызматкерлеринин өлтүрүлүшүнүн 58%ы согуш жүрүп жаткан жерлерде болгон. Бирок учурда бул көрсөткүч болгону 32% ды гана түзүп, Сирия, Йемен, Ооганстан жана Ирак сыяктуу ар кандай аскердик чыр-чатактар уланып жаткан өлкөлөрдө болгон. “Дүйнө жүзүндө журналисттерге карата зомбулуктар уланууда. Айрым адамдар журналисттер жөн гана тобокелдүү кесибинин курмандыгы болушат деп ойлошу мүмкүн, бирок журналисттер көбүнчө өздөрүнүн иликтөөлөрүнөн же курч темаларды чагылдыргандыктан улам курмандыкка айланууда”, – деди “Чек арасыз репортерлор” уюмунун башкы катчысы Кристоф Делуар.

Маалыматка ылайык, учурда дүйнө жүзү боюнча 387 журналист өз ишмердүүлүгү үчүн түрмөдө отурат. Акыркы айларда жана жумаларда Ооганстанда журналисттердин өлүмү кескин көбөйгөндүгү байкалууда.

Комментарий жиберүү