Эмгектенүү ибадат

Эмгектенүү ибадат

Суроо: Эмгектенүү ибадатпы? ЖООП Момундун эмгек кылуусу ибадат болуп саналат. Бирок, ыймансыз болсо ал адамдын эмгектенүүсү ибадат болбойт. Мен намаз окубайм, бирок, эмгектенип жатам, бул дагы ибадат деп айтуу жаңылыш. Намаз окубаган адамдын дагы эмгектенүүсү ибадат болбойт. Эч кимге муктаж болбоо үчүн эмгектенүү өтө жакшы. Пайгамбарыбыз Хазрети Муаз менен мусафаха кылган (кол алышкан) кезде буюрду: -Йа, Муаз, колдоруң жооруп калыптыр. -Ооба, йа Расулаллах, жер казыр иштейм, ушинтип бала-чакамдын нафакасын таап жатам. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам”…

Прочитайте больше

Иран Тоолуу Карабактагы качкындарды кайтарууга жардам берүүгө даяр

Иран Тоолуу Карабактагы качкындарды кайтарууга жардам берүүгө даяр

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Иран Тоолуу Карабактан жер которуп кеткен качкындарды өз жерлерине кайтарууга көмөктөшүүгө даяр деп билдирди. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Зариф жекшемби күнү Бакуга келгенден кийин: “Иран бийлиги Тоолуу Карабактагы качкындардын мекенине кайтып келүүсүнө жардам берүүгө даяр”, – деди. “Биз бошотулган аймактардын жашоочулары үйлөрүнө кайтып келүүсүнө жардам бергибиз келет”, – деп билдирди ал. Зариф бүгүн Азербайжан тараптын өкүлдөрү менен согуш жүргөн  аймактарды калыбына келтирүү, Тоолуу Карабактагы кырдаалды, ошондой эле аймактагы туруктуулукту…

Прочитайте больше

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Байденге эскертүү берди

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Байденге эскертүү берди

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Байдендин башкаруусундагы Америка Кошмо Штаттарын эки мамлекеттин мамилелерине таасир этүүчү жосунсуз жоруктардан сак болууга чакырды. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын ТИМи өз билдирүүсүндө америкалык дипломаттардын орусиялык экстремизге үндөө аракеттери ийгиликсиз аяктагандыгын жана бул аракеттер акыры Москва-Вашингтон мамилелерине терс таасирин тийгизерин эскертти. Министрлик мындай деп кошумчалады: “Америка Кошмо Штаттары оболу өзүнүн ички көйгөйлөрүн, анын ичинде коомдогу социалдык адилетсиздиктен улам пайда болгон терең жараканы чечиши керек”. Министрлик ошондой эле АКШнын Москвадагы элчилигинин Жогорку…

Прочитайте больше

Ирактын президентинин буйругу менен 340 адам өлүмжазасына тартылат

Ирактын президентинин буйругу менен 340 адам өлүмжазасына тартылат

Ирак Республикасынын Президентинин Аппараты 340тан ашуун соттолгон террорчулар менен кылмышкерлердин өлүм жазасына тартылышынын акыркы тастыктамасын жарыялады. Бул тууралуу Pars Today агенттиги “Родавонт” маалыматына шилтеме берип жазды.Белгилей кетсек, Ирак Республикасынын Президенти Бархам Салехтин кеңсеси 24-январда өлүм жазасын бузуунун бардык деталдарын иликтеп чыгып, 2016-жылы мунапыс боюнча мыйзамдын аткарылышынан кийин, бул өлүм өкүмдөрүнүн акыркы ырасталышы Конституцияга ылайык болгонун жарыялады.Ал эми 23-январда Ирак парламентиндеги “ас-Садикун” фракциясы 70 депутаттын колун чогултуп, президенттин түрмөдөгү ИШИМ террорчуларынын өлүм жазасын аягына чейин чыгарган мыйзам кабыл…

Прочитайте больше

Коронавирус табылган мектептер онлайн режимде окууга өткөрүлөт

Коронавирус табылган мектептер онлайн режимде окууга өткөрүлөт

Бишкекте коронавирус табылган эки мектеп онлайн режимде окууга өткөрүлөт. Шаардык мэрия билдиргендей, мектептердин окуучулары азырынча эки жума бою аралыктан билим алышат. 24-январда башкалаадагы эки мектептин окуучуларынан коронавирус табылганы белгилүү болгон. Алар кайсы мектептер экени айтылган эмес. Мэрия оорунун белгилери байкалган үй-бүлөлөрдү коронавируска тест тапшырууга чакырды. Ал тууралуу мектептин администрациясына кабар берүүгө, анализдердин жыйынтыгы чыкканга чейин балдарын үйдөн чыгарбоого ата-энелерди үндөдү. Кыргызстандагы жана Бишкектеги мектептер былтыр марттан тартып онлайн режимге өткөн. Башкалаада быйыл январда мектептердин көбү…

Прочитайте больше

Жума күнү “Аль-Кахф” сүрөсүн окуу – сүннөт. Бул сүрө эмне жөнүндө?

Жума күнү “Аль-Кахф” сүрөсүн окуу – сүннөт. Бул сүрө эмне жөнүндө?

Мен Бруней-Даруссалам султандыгында жашап жүргөн кезимде бейшемби күндөрү кимдир-бирөөнү көчөгө алып чыгуу мүмкүн эмес болчу. Качан болбосун бардыгы : “Бүгүн жума түнү, үй-бүлөбүз менен бирге “Кахф” сүрөсүн окуйбуз”,- деп жооп беришет эле. Жума күнү Ыйык Курандын он сегизинчи сүрөсүн окуу сүннөт болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, исламга ылайык, Шам намазынан кийин жаңы күн башталат. Ошондуктан, бейшемби күнкү кечти – “Кахф” сүрөсүн окууга арноо керек. “Кахф” сүрөсү сегиз бөлүккө бөлүнгөн, аларга көз салып көрөлү. Жума күндөрү “Кахф”…

Прочитайте больше

Өзөктүк куралдарга тыюу салган биринчи эл аралык келишим күчүнө кирди

Өзөктүк куралдарга тыюу салган биринчи эл аралык келишим күчүнө кирди

Стефан Дюжаррик “Ядролук куралдарга тыюу салуу келишиминин” жума күндөн тарта күчүнө киргенин билдирди. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) өзөктүк куралдарга тыюу салган биринчи эл аралык келишим болгон “Ядролук куралдарга тыюу салуу келишиминин” күчүнө киргенин жарыялады. БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик “Ядролук куралдарга тыюу салуу келишиминин” (TPNW) жума күндөн тарта күчүнө киргенин билдирди. БУУ тарабынан 2017-жылдын 20-сентябрында кол коюуга ачылган келишим үчүн 50 өлкөдөн эч кандай шартта өзөктүк курал жасабоо, сынабоо, өндүрбөө, сатып албоо…

Прочитайте больше

Ирактын борборундагы АКШнын аскердик базасына ракеталык чабуул жасалды

Ирактын борборундагы АКШнын аскердик базасына ракеталык чабуул жасалды

Маалымат булактары Багдад эл аралык аэропортунун жанындагы АКШнын аскердик базасына ракеталык чабуул жасалгандыгын кабарлашты. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.Багдад аэропортунун айланасында АКШнын “Виктори” аскер базасы жайгашкан жерге кеминде төрт ракета атылды.Кол салуудан кийин сирена үнү угулуп, Американын учкучсуз учактары аймактын үстүнөн учуп өтүштү.Ракеталардын бири Виктори базасына тийгени айтылууда. Бирок, жоготуулар боюнча маалымат бериле элек. Буга чейин аскердик базада АКШнын аскердик коргонуу тутуму активдештирилгени кабарланган.Берилген маалыматка ылайык, аты аталбаган коопсуздук булагы Ирактагы Американын Виктори базасында жаңы C-RAM…

Прочитайте больше

Кыргызстан COVID-19дун экинчи толкунуна даярданууда

Кыргызстан COVID-19дун экинчи толкунуна даярданууда

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Өкмөт биринчи толкундан сабак алып, саламаттык сактоо туумун модернизациялоонун жана эпидемиялык абалга жооп кайтаруунун так планын даярдашы керек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков саламаттык сактоо тутумундагы актуалдуу маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди. «Коомчулукта саламаттык сактоо тутумунун иштөөсүнүн натыйжалуулугуна, ошондой эле коронавирус инфекциясын жоюу жаатында кабыл алынып жаткан чараларга, вакциналарды сатып алуу жана аны өлкөгө жеткирүүгө тийиштүү көптөгөн суроолор…

Прочитайте больше

Иран аймактагы эң ири бензин экспорттоочу өлкө

Иран аймактагы эң ири бензин экспорттоочу өлкө

Ирандын мунай министринин орун басары Алиреза Садегабади бүгүнкү күндө өлкөнүн Улуттук мунайды кайра иштетүү жана бөлүштүрүү компаниясы аймактагы эң ири бензин өндүрүүчү жана экспорттоочу компания болуп саналарын билдирди. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Садегабади Тегеранда өткөн 25-мунай, газ, мунайды кайра иштетүү жана мунай химиясынын көргөзмөсүнүн алкагында сөз сүйлөп, “Ирандын Улуттук мунайды кайра иштетүү жана бөлүштүрүү компаниясы учурда бензинди Ооганстан, Пакистан, Армения, Азербайжанга, ошондой эле Ирактын Курдистан аймагына бензинди түз экспорттойт”, – деп билдирди. Ал 2017-жылы Иранга…

Прочитайте больше

Биринчи жолу кара терилүү генерал АКШнын Коргоо министри болду

Биринчи жолу кара терилүү генерал АКШнын Коргоо министри болду

АКШ сенаты президент Жо Байдендин сунушу менен Коргоо министри кызматына афроамерикалык Ллойд Остиндин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Остин АКШнын коргоо министри болгон биринчи афроамерикалык болуп калды. Төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ болгон Остин 93 макул, эки каршы добуш менен Коргоо министри болуп дайындалды. Ллойд Остин 2013-2016-жылдары АКШ армиясынын Борбордук командачылыгын жетектеген. Ал Барак Обама президент болуп турганда Жо Байден менен көп иштешкен. Ал буга чейин штаб башчыларынын биргелешкен комитетинде иштеген, ошондой эле АКШнын Куралдуу…

Прочитайте больше

Израиль Байденге эскертүү жасады

Израиль Байденге эскертүү жасады

Израиль Байденге: Эгер өзөктүк келишимге кайтып келсеңер, анда бизде силер менен сүйлөшө турган эч нерсе калбайт. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги жаздыThe Times of Israel гезити “Шаршемби күнү Израиль ТВсынын 12-каналы Тель-Авив АКШнын Биргелешкен Комплекстүү Иш-аракеттер Планына (JCPOA) кайтып келиши ортодогу мамилелердеги кризис жаратышы мүмкүн деп эскерткенин билдирди”, – деп жазды.Израиль ТВсынын 12-каналы “өтө жогорку даражалуу маалымат булагына” шилтеме берип: “Эгерде Байден Обаманын планын ишке ашырса, анда биздин аны менен сүйлөшө турган башка эч нерсебиз калбайт”, – деп…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров кортеж, банкет жана башка иш-чаралардан баш тартты

Садыр Жапаров кортеж, банкет жана башка иш-чаралардан баш тартты

Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин уюштурууга байланыштуу маселелерге комментарий берди, – деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү. Төмөндө Садыр Жапаровдун комментарийи: “Урматтуу кыргызстандыктар! Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, каржылык жана эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, мындай кырдаалда өлкөнүн экономикасына оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экендигибизди белгилей кетүү зарыл деп эсептейм. Элибиз бизди түшүнөт жана колдойт деп ойлойм. Мамлекет башчысынын кызматка киришүүсүнүн калыптанып калган салттарына,…

Прочитайте больше

Иракта болгон жардыруулар үчүн ИШИМ жоопкерчили калды

Иракта болгон жардыруулар үчүн ИШИМ жоопкерчили калды

ИШИМ террордук тобу жума күнү эртең менен жасаган билдирүүсүндө Багдаддын борборунда болгон эки жанкечтилик жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Кечээ күнү Багдаддын борборундагы эл көп жайгашкан базардын жанында эки жардыруу болуп, кеминде 32 адам каза болуп, 110 адам жаракат алган. Бул жардыруулар Багдаддагы акыркы үч жылдагы эң кандуу террордук акт болуп саналат. Ирактын Ички иштер министрлиги билдиргендей, биринчи жанкечти Таяран аянтындагы эл көп жүргөн базарда элди өзүнүн жанына топтоп, андан кийин…

Прочитайте больше

Американын желеги өрттөлдү

Американын желеги өрттөлдү

Ак Үйдө АКШнын жаңы президентинин инаугурациясынан көп өтпөй, нааразылар Колорадо штатынын Капитолийинин алдында АКШнын желегин өрттөштү. Pars Today агенттигинин Франс Пресске шилтеме берип маалымдосуна ылайык, нааразылар полиция кызматкерлери Конгресстин имаратына алып баруучу көчөнүн кесилишин тосконуна карабастан,  Колорадо штатынын Денвер шаарындагы Конгресстин имаратынын алдына митингге чыгышты.Белгилей кетсек, дагы бир куралдуу топ инаугурацияга нааразычылык билдирүү үчүн митингге топтолушкан.Демонстранттардын бири Американын желегинин өрттөлүшүн америкалык коомдогу расалык басмырлоого жана адилетсиздикке байланыштырды.Эске салсак, АКШ президенти Жо Байден АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 6