Кыргызстанда эмдөө башталды

Кыргызстанда эмдөө башталды

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабы башталды. Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы бюнча, Ош шаары менен Чүй облусттарына вакцинаны жеткирүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүргүзүлгөн. Маалыматта айтылгандай, вакцина алгач Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы А. Эркебаев менен жолугушту

Президент С. Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы А. Эркебаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Ассамблеянын учурдагы ишмердиги, актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Абдыганы Эркебаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин ассамблеясы улуттар аралык ынтымак жаатындагы маанилүү институттардын бири болуп саналат жана бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, ал учурда улуттар аралык биримдикти жана мамилелерди чыңдоого багытталган 2021-2026-жылдары…

Прочитайте больше

ДССУ COVID-19 вакциналарын жакыр өлкөлөргө таратууга чакырды

ДССУ COVID-19 вакциналарын жакыр өлкөлөргө таратууга чакырды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) баардык өлкөлөрдү жана компанияларды коронавируска каршы вакциналарды дүйнөнүн жакыр мамлекеттерине бөлүштүрүүдө биргелешип иштөөгө чакырды. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом, дүйнөлүк компанияларды “Ковакс” программасы аркылуу дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө 10 млн. доза вакцинасын тез арада берүүгө чакырды.Ал, 3 айдын ичинде өтө муктаж болгон өлкөлөргө тез арада вакцина жеткирүүнү сунуштады.“Азыр вакцинанын бир да дозасын ала элек 36 мамлекетте, жок дегенде, тобокелдиги жогору адамдар үчүн эмдөө…

Прочитайте больше

Кыргыз-өзбек чек арасында мындан ары чыр-чатактар болбойт

Кыргыз-өзбек чек арасында мындан ары чыр-чатактар болбойт

Президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен чек ара меселесин талкуулады. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат кызматы билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Анын берген…

Прочитайте больше

Пекин: АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн аяктоого кез келди

Пекин: АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн аяктоого кез келди

АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн токтото турган учур келди. Бул тууралуу Кытайдын ТИМнин басма сөз катчысы Хуа Чуньин билдиргенин «Fars News» агенттиги маалымдады.Хуа Чуньин Кытайдагы адам укуктарынын абалы боюнча АКШнын айыптоолоруна токтолуп, Синьцзяндагы кырдаал боюнча АКШнын дооматы Вашингтондун бул өлкөнүн ичинен туруксуздаштыруу боюнча стратегиялык планы гана болуп эсептелерин билдирди.Ал Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин пресс-конференциясында, АКШнын мурдагы жогорку кызмат адамы Лоуренс Вилкерсондун сөздөрүнө шилтеме кылып, Вашингтондун Кытайды дестабилдештирүү планы жөнүндө сөз сүйлөп, “Америка Кошмо Штаттары өзүнүн Кытайга каршы шоусун аяктаганга кез келди”,…

Прочитайте больше

Иранда өткөн Дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстан 3-орунду алды

Иранда өткөн Дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстан 3-орунду алды

Кыргызстандык Куран каарысы Мухаммедали Умаров Иран мамлекети уюштурган Дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу Eurasia Today маалымат порталы UMMA журналына шилтеме берип маалымдайт.Белгилей кетсек, 17-февралда онлайн форматта өткөн Дүйнөлүк Куран жарышына 46га чукул өлкө катышкан. Жарыштын натыйжалары жарыяланып, анда кыргызстандык 22 жаштагы Мухаммедали Умаров 3-орунга татыктуу болгону жарыяланды. Ал эми Иран биринчи орунду, Египет экинчи орунду алышкан.Эске салсак, Дүйнөлүк Куран жарышы апрель айында өтмөк, бирок пандемияга жараша февралда онлайн форматта өткөрүлдү.Мекендешибиз Мухаммедали Умаров Ыйык Куранды жатка айтуу…

Прочитайте больше

Египетте эки поезд кагышты (видео)

Египетте эки поезд кагышты (видео)

Египеттин Сохаг шаарынын түндүгүндө эки поезд кагышып, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу Египеттин мамлекеттик телеканалы маалымдаганын “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан азыркы тапка чейин 50 адам жаракат алганын билдирди. Өлкөнүн асмий адамдары кырсыктын себептерин азырынча жарыялай элек. Египеттеги эң чоң темир жол кырсыгы 2002-жылы болуп, анда поезд өрттөнүп, 360тан ашуун жүргүнчү каза болгон.

Прочитайте больше

Кимдер коронавируска каршы эмделбеши керек?

Кимдер коронавируска каршы эмделбеши керек?

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова коронавируска каршы кимдер эмделбеши керектигин айтты. “Канында үчтөн ашык антитело бар адамдарга вакцина берилбеши керек”, – дейт ал. Мындан тышкары, саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова 18 жашка чейинки балдар, кош бойлуу жана эмизген аялдар, ошондой эле аллергиясы бар жарандар вакцина албашы керектигин кошумчалады. Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан вакцинанын 150 миң дозасы гуманитардык жүк катары келген. Кыргызстанда коронавируска каршы калкты эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат….

Прочитайте больше

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасы маселеси 100% чечилди

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасы маселеси 100% чечилди

Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин билдирди. Анын айтымында, Орто-Токой суу сактагычынын айрым жеринин эсебинен кыргыз тарапка бир катар тилкелер өттү. “Орто-Токой суу сактагычы кыргыз тарапта калды. Бирок анын үстүндөгү сууну 95% өзбектер колдонот. Анын 800 гектардай жердин 200гө жакын гектары буга чейин бизге компенцация катары берилген. Азыркы күндө 600гө жетпеген гектар жер калган. Анын эсебинен кыргыз тарапка Көк-Серек айылынын 105 гектары, Ала-Бука районундагы…

Прочитайте больше

Түндүк Корея жаңы тактикалык ракеталарын сынады

Түндүк Корея жаңы тактикалык ракеталарын сынады

Түндүк Корея бүгүн, 26-мартта эки жаңы тактикалык ракетаны сынаганын жарыялады, ракеталар бир күн мурун учурулган. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги түндүк кореялык “Rodong Sinmun” расмий басылмасына шилтеме берип кабарлады. Түндүк Кореянын жаңы ракеталары Япон деңизинде 600 чакырымдай учуп өткөн. Басылманын маалыматы боюнча, жаңы ракеталар салмагы 2,5 тоннага чейин бутага таамай тийчү бөлүктү (боеголовка)көтөрүп жүрүүгө жөндөмдүү. Ошол эле учурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ракеталарды сыноого катышпагандыгы  белгиленди. Түндүк Корея Японияны көздөй баллистикалык ракета учурганы жөнүндө буга чейин…

Прочитайте больше

Кытай Британиянын 13 жеке жана юридикалык мекемелерине санкция киргизди

Кытай Британиянын 13 жеке жана юридикалык мекемелерине санкция киргизди

Синьцзяндагы уйгур мусулман азчылыгы жөнүндө Британиянын “жалган билдирүүлөрү жана жалган маалыматтары” үчүн Кытай, британиялык 13 юридикалык мекеме жана жеке адамдарга каршы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу Mehr News агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 26- марттагы билдирүүсүндө, британиялык төрт мекеме жана тогуз жеке адам, анын ичинде Британиянын мыйзамчылары, Консервативдик партиянын мурдагы лидери Линн Дункан Смит жана Консервативдик партиянын адам укуктары боюнча комитетине: “Калп жана жалган маалыматты кара ниеттик менен жарыялагандыгы” үчүн санкция киргизгенин…

Прочитайте больше

Муса алейхиссалам

Муса алейхиссалам

Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Пайгамбарлар арасында үстөмдүктөрү болгон жана «улу’л-азм» деп аталган алты пайгамбардын үчүнчүсү. Аллаху таала менен сүйлөшкөндүгү үчүн «Калимуллах» делген. Бани Исраилге келген. Якуб алейхиссаламдын урпагынан чыккан. Харун алейхиссаламдын бир тууганы. Атасынын аты Имран. Энесинин аты Нужайб же Нажия же Юхабил. Хазрети Юсуфтан кийин Мысырда Исраил уулдары абдан көбөйүштү. Булар Хазрети Якуб жана Хазрети Юсуф билдирген динге ишенишип, буйруктарын орундап жашашчу эле. Мысырдын жергиликтүү эли Кыбти коому болсо жылдыздарга, буттарга сыйынышчу жана Исраил…

Прочитайте больше

Адам алейхиссалам

Адам алейхиссалам

Жер бетинде жаратылган алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар, бүткүл адамзаттын атасы. Адам алейхиссалам жаратылуудан мурда бүткүл ааламдар жана ал ааламдардагы нерселер “Алам-и малакут” делген бүткүл рухтар, “Алам-и мүлк” делген материалдык ааламында да Арш азам, курси, Жаннат, Жаханнам, жети кабат асман жана башка барлыктар, периштелер жана жиндер жаратылган эле. Аллаху таала периштелерине асманды, жиндерге болсо жер жүзүн мекен кылды. Жиндер жер бетинде көп убакыттар жашашты (бир риваят боюнча алтымыш миң жыл). Кийин араларында көралбастык жана азгындоо…

Прочитайте больше

АКШда дезинфекциялоочу каражаттарда ракты козгоочу зат табылды

АКШда дезинфекциялоочу каражаттарда ракты козгоочу зат табылды

АКШнын “Valisure” фармацевтикалык компаниясы базарлардагы медициналык өнүмдөрдү  текшерүү учурунда колду дезинфекциялоочу айрым каражаттарда рак оорусун пайда кылган бензол бар экенин аныктады. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Bloomberg” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Аталган компания колду дезинфекциялоочу айрым каражаттардан табылган бул зат ден-соолукка кооптуу экенин билдирди. Маалыматка караганда, бензол пандемиянын кызуу учурунда негизги дезинфекциялоочу каражаттар сатуудан жоголуп кеткенден кийин рынокко кирген каражаттардан табылган. Ракты пайда кылуучу бензол текшерилген дезинфекциялоочу каражат бөтөлкөсүнүн 17 пайызынан табылган. Мындан тышкары, чегине жеткен концентрация бөтөлкөлөрдүн…

Прочитайте больше

Бахрейн Израилдин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тартты

Бахрейн Израилдин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тартты

Бахрейн – БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине катышпай, сионисттердин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тарткан биринчи араб өлкөсү болду. Tasnim News агенттигинин  эл аралык тобу билдиргендей, Бахрейн, Израилдин Палестина аймагындагы агрессиясын айыптаган Араб консенсусунан чыккан биринчи араб өлкөсү болду.Билдирүүгө ылайык, Бахрейн өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин отурумуна, сионисттик режимдин басылып алынган Палестина аймактарындагы агрессиясын айыптоого добуш бербөө үчүн катышкан жок.Бахрейн жана айрым Европа өлкөлөрү добуш берүүдөн баш тартышкандыгына карабастан, талаштуу пункт БУУнун Женевадагы Адам укуктары боюнча…

Прочитайте больше
1 2 3 4 8