Орусияда COVID-19га каршы вакцина тамчы түрүндө жасалат

Орусияда COVID-19га каршы вакцина тамчы түрүндө жасалат

Гамалея борборунун башчысы Александр Гунцбург Орусияда тамчы түрүндөгү коронавируска каршы вакцина качан пайда болорун алдын-ала айтты. Бул тууралуу ал Биринчи каналдын эфиринен билдиргенин “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Анын айтымында, мындай препарат 2021-жылдын аягында же 2022-жылдын башында пайда болушу мүмкүн. Ошол эле учурда Гунцбург мындай вакцинанын берилген мөөнөттө иштелип чыгышына кепилдик бере албастыгын баса белгиледи. Препараттын бул формасы балдарды эмдөө процессин жеңилдетет, ошондой эле иммунитеттин башка түрүн түзөт деп болжолдонууда. Апрелдин башында Гунцбург РИА Новостиге берген маегинде борбордо мурун куюлуучу…

Прочитайте больше

Жакында Баткенде мунай чыгарган завод иштей баштайт

Жакында Баткенде мунай чыгарган завод иштей баштайт

Келерки айдан баштап Баткен облусунун Лейлек районунда мунай иштетүүчү завод ишке кирет. Бул туралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлаганын “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Аталган министрликтен билдиргендей, «Баткен облусунун Лейлек районунда “Сафар” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан мунай иштетүүчү чакан завод курулуп жатат. Маалыматка ылайык, завод май айынан тарта толук кандуу ишке кирет. Андан кийин жылына жаңыланып, чийки затты иштетүүнүн көлөмү арттырылып турмакчы. Жылына 50 миң тоннага чейин мунай иштеп чыгуусу күтүлүүдө. Анда дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарылат….

Прочитайте больше

Кыргызстанда интернет аркылуу уруксатсыз курал сатуу көбөйдү

Кыргызстанда интернет аркылуу уруксатсыз курал сатуу көбөйдү

Телеграмм- каналдардын бири кыргызстандыктарга травматикалык куралдарды эч кандай уруксат, иш кагаздарсыз сатып алууну сунуштоодо. “Eurasia Today” агенттигинин  маалыматына ылайык, курал- жарак саткан Телеграмм каналы көптөн бери өз ишин алпарууда.Курал сунуштаган жарнамачылар Кыргызстан менен Казакстандын аймактарына буюрутмаларды жеткирип беришээрин жазышат. Мыйзамсыз сатылуучу травматикалык куралдардын баасы 12 миңден 15 миң сомго чейин бааланууда. Ал эми мындай жарнактарга карата ИИМ органдары чара көргөндөрү байкалбайт. Белгилей кетсек, мыйзам боюнча, травматикалык куралдарды сатып алуу үчүн атайын аймактык ички органдардын уруксат кагазы…

Прочитайте больше

9 – 11 – класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерди тапшырбайт

9 – 11 – класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерди тапшырбайт

Быйылкы жылы республикабыздын мектептеринде окуу жылынын аягында өтүүчү мамлекеттик экзамендер өлкөдөгү пандемияга байланыштуу өткөрүлбөйт. “Eurasia Today” агенттиги билим берүү министрлигинин маалыматына таянып билдирүүсүнө ылайык,  быйыл 9-11-класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерден бошотулушканын жарыялады. Өлкөнүн билим берүү министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарованын айтымында, быйылкы пандемияга байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырышпайт. Берилген маалыматтарга караштуу, экзамендердин ордуна атайын предметтик комиссия түзүлүп, анда окуучулардын жыл бою жетишкендиктери каралып, чейректердеги бааларга жараша экзамендик баа коюлат….

Прочитайте больше

Кайрадан тандалган Чаддын президенти атышуудан набыт болду

Кайрадан тандалган Чаддын президенти атышуудан набыт болду

Чаддын президенти Идрис Деби Итно экстремисттерге каршы операциянын жүрүшүндө жаракаттан көз жумду. “Eurasia Today” агенттигинин маалыматына ылайык, Идрис Деби Итно козголоңчуларга каршы күрөшүп жатканда алган жаракатынан улам көз жумду.Бул тууралуу France Press агенттиги өлкөнүн мамлекеттик телеканалына шилтеме берүү менен билдирди. “Президент жана Жогорку командир Идрис Деби Итно жаңы эле көз жумду», -деп жарыялады Чад армиясынын расмий өкүлү Азема Бермандоа. Белгилей кетсек, мамлекет башчы өткөн дем алыш күндөрү өлкөнүн түндүк тарабындагы козголоңчулардын аскерлерин жок кылуу боюнча операцияны жеке өзү…

Прочитайте больше

Парацетамолдун кооптуу экени айтылды

Парацетамолдун кооптуу экени айтылды

Изилдөөчүлөр тобу популярдуу ооруну басандатуучу парацетамолдун бир аз ашыкча дозасы жагымсыз реакцияларга алып келиши мүмкүн экенин билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Ашыкча дозанын эң көп кездешкен белгилери – жүрөк айлануу жана кусуу. Алар адатта гепатотоксикалык дозаны алгандан кийин бир нече сааттын ичинде пайда болот, бул өз кезегинде боорго зыян келтириши мүмкүн. Мындан тышкары, препараттын ашыкча дозасы уйкуга, сарыкка жана курсактын оң жагынын жогору жагын оорутууга алып келиши мүмкүн. Буга…

Прочитайте больше

ИШИМдин миллиондогон доллары жана алтындары табылды

ИШИМдин миллиондогон доллары жана алтындары табылды

Талкаланган Мосул шаарында ИШИМдин миллиондогон долларлары жана алтын күмүштөрү табылды. 20-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Согуштун натыйжасынан дээрлик толугу менен талкаланган Мосулдун үйлөрүнүн биринде Ирактын коопсуздук күчтөрү 1,6 млн. доллар, ошондой эле бир нече килограммдаган күмүш жана алтын монеталарды табышкан. Shafaq news жаңылыктар порталы билдиргендей, бул байлыктын бардыгы бир кездерде шаарды узак мезгилден бери көзөмөлдөп турган «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлерине таандык болгон жана алардын казынасы деп аталган жерде сакталган. Бардык акча жана баалуу металлдар жергиликтүү тургундардан…

Прочитайте больше

Иранда Covid-19га каршы массалык эмдөө башталды

Иранда Covid-19га каршы массалык эмдөө башталды

Иранда коронавирустук кырдаал күчөгөндөн улам, алгачкы массалык эмдөө 1 млн. доза менен башталды. Eurasia Today агенттиги ирандык ЖМКаларга шилтеме берип билдиргендей, Ирандын Саламаттыкты сактоо министри 20-апрелден баштап өлкөдө бир миллион адам коронавируска каршы вакцинасын алаарын жарыялады. Белгилей кетсек, Ирандын Саламаттыкты сактоо министри Саид Намаки бул тууралуу Хельсинкидеги Саясий кеңештин Европа өлкөлөрүнүн, Перс булуңунун, Чыгыш Жер Ортолук деңизинин жана Түндүк Африканын Ковид 19 пандемия аймагындагы кызматташтыгын чыңдоого арналган жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында билдирди. Ал, өз өлкөсү коронавирус менен күрөшүүгө…

Прочитайте больше

Орозодо ооз ачыруу канчалык сооптуу?

Орозодо ооз ачыруу канчалык сооптуу?

Орозо кишиге “ифтар” берүү (ооз ачыруу) чоң сооп болот, жада калса жолдо бараткан бир орозолуу адамга бир нан же бир хурма берилсе дагы ифтар берүү сообуна ээ болот. 20-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Бир адам бул айда (Ыйык Рамазан) бир орозолууга ифтар берсе күнөөлөрү кечирилет. Ошол орозолуунун сообунчалык ага да сооп берилет”, – деп айтканда сахабалардын кээ бирлери бир орозолууга ифтар жедире ала тургудай бай эмес экендиктерин айтышат. Пайгамабарыбыз (с.а.в) аларга берген жообунда: “Бир хурма…

Прочитайте больше

Тамактануу адеби

Тамактануу адеби

Суроо: Тамактануу адеби тууралуу маалымат бересизби? Жооп Пункттар менен билдирели: Тамак жеп баштарда ниет: Тамакты баштарда Аллаху таалага ибадат кылуу, Анын кулдарына пайдалуу болуу, динибизди, түбөлүк бактылуулукту жана тынчтыктын жолун адамдарга жеткизүү үчүн кубат алууга ниет кылуу зарыл. Жеп-ичүүнүн фарздары: 1 – Жегенде тоюуну, ичкенде канууну Аллаху тааладан деп билүү. 2 – Халалдан жеп-ичүү. 3 – Ал тамактан алынган кубат бүткөнгө чейин Аллаху таалага кулдук кылуу. 4 – Колдо барга канаат кылуу. Сүннөттөрү: 1 – Тамактанардын алдында Бисмиллахты…

Прочитайте больше