Фитр садакасы

Фитр садакасы

Суроо: Фитр садакасынын мааниси кандай? Кимдер фитр берүүсү керек? ЖООП Керектелип жаткан буюмдан жана карыздарынан артык зекет нисабынчалык мал-мүлкү, акчасы болгон мусулмандын фитр берүүсү важиб болот. Нисабга ээ эмес болсо фитр берүү важиб болбойт, бирок, берсе жакшы болот. Хадиси шарифте айтылган: “Фитр садака байларыңарга тазкийа. (Тазкийа тазартуу, тазалоо дегенди билдирет.) Кедейлериңер да берсе Аллаху таала аларга андан көбүн берет.” [Абу Давуд] “Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фитр садака берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс] “Фитр садака орозолуу адамдын орунсуз сөздөрүнөн пайда болгон…

Прочитайте больше

Кимдердин дубасы макбул

Кимдердин дубасы макбул

Суроо: Кайсы кишилердин дубалары макбул (б.а., дубасы кабыл болгон кишилер кимдер)? ЖООП Ажылардын, мужахиддердин, дарттуулардын, оорулуудардын, карыптардын, зулум көрүп жаткандардын, жолчулардын, эне-атанын, балээ келүүдөн мурда дуба кылгандын, көп зикир кылгандын, мусулмандыкта чачтарын агарткандын, орозолуунун, салих аалымдын жана адилеттүү башкаруучунун дубалары кабыл болот. Хадиси шарифтерде мындай делүүдө: «Ушул төрт дуба кайтарылбайт: Дин боордошу жок кезде анын артынан кылынган дуба. Сакайганга чейин оорулуунун, кайтканга чейин ажылыкка жана жихадга кеткендин дубасы.» [Дайлами] «Дарттуунун дубасын олжо деп билгиле.» [Абушшейх] «Орозолуунун дубасы кайтарылбайт.» [Тирмизи]…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп жатат

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп жатат

 29-апрель күнү таңга маал Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу учуру катталды.  Маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, Баткен районунун Көк-Таш айыл аймагында 50-60тай айылдын кары-картаң кишилери, аялдары мечитте топтолуп турат. Жергиликтүү тургундар Ош-Исфана жолунун Жака-Өрүк участогу жабылып, каттам токтогонун, тажик тарап жолду тосуп алып каттагандарды өткөрбөй ок атып жатканын, Кыргызстандын бир жаранына ок тийгенин билдиришти. Баткен облусттук ички иштер башкармалыгы 29-апрелде түнкү саат бирлер чамасында “Головной” тилкесинде чогулган эки тараптын эли таркап кеткенин, абал…

Прочитайте больше

COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча жуктуруу учурларынын саны 150 миллионго жетти

COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча жуктуруу учурларынын саны 150 миллионго жетти

Коронавирустук инфекциянын мутант штаммдарынын таралышына байланыштуу ооругандар көбөйүп, дүйнөдө ооруну жуктуруп алгандардын жалпы саны 150 миллиондон ашты. Бул тууралуу Worldometer сайты маалымдады.Аталган сайттын статистикасы боюнча бүгүн, бейшемби күнү эртең менен дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 150 041 930 адамга жетти. Илдеттен каза тапкандардын саны 3 158 423 адам каза болду. Ал эми илдеттен жалпы 127 560 722 адам айыгышты. Коронавирустун мутацияланган штаммдарынын, анын ичинде Британия, Бразилия, Түштүк Африка жана Индияда чыккан түрлөрүнүн жайылышынан улам…

Прочитайте больше

Кыргызстан Тажикстан менен кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү ниетин билдирди

Кыргызстан Тажикстан менен кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү ниетин билдирди

Президент Садыр Жапаров Өкмөт мүчөлөрү менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, бул кырдаалга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду. Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү…

Прочитайте больше