Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды (видео)

Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды (видео)

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды. «Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта баштады. Бул тууралуу “Полит Клиника” сайты жарыялады. Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз»,- деген видео тартып, бири-бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жазган. Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган-уругу, бала-чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин…

Прочитайте больше

БАЭ жөнөткөн 54 тонна тамак – аш түрүндөгү гумжардам Баткенге жеткирилет

БАЭ жөнөткөн 54 тонна тамак – аш түрүндөгү гумжардам Баткенге жеткирилет

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, кечээ, 29-апрелде БАЭ өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын каттамы менен “Манас” эл аралык аэропортуна келип түштү. “Манас” эл аралык аэропортунда гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине өлкөнүн Саламаттык сактоо жана…

Прочитайте больше

Сауд Аравия Түркия менен касташууга жана Иран менен жарашууга кадам таштады

Сауд Аравия Түркия менен касташууга жана Иран менен жарашууга кадам таштады

Айрым маалымат булактары билдиргендей, акыркы убактарда Сауд Аравия Иранга болгон саясатын өзгөртүүдө. Тагыраак айтканда, 5 жылдай үзүлгөн дипломатиялык мамилелерин жандандырууну кааларын Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Бен Салман билдирди. Ошол эле убакта өлкөдө Түркияга карата бойкот жарыялануу менен түрктөрдүн бир канча мектептери жабылууда.Эр-Рияд менен Анкаранын ортосундагы чыңалуудан улам, Сауд Аравиянын стратегиялуу шаарларындагы 8 түрк мектеби жылдын аягына чейин толук жабылаары аныкталды. Эки өлкөнүн акыркы эки жылдагы дипломатиялык мамилелеринин бузулуусу эмне себептен болууда? Албетте, тарыхта түрктөр менен арабдар дос…

Прочитайте больше

Израилде диний майрамда тепсендиде калып каза тапкандардын саны 44кө жетти

Израилде диний майрамда тепсендиде калып каза тапкандардын саны 44кө жетти

Израилде Лаг ба-Омер диний майрамында тепсендиде калып каза тапкандардын саны 44кө, жаракат алгандардын саны 100дөн ашты. Бул тууралуу Jerusalem Post басылмасы жазды. Буга чейин 38 адам каза болгондугу тууралуу айтылган. Раввин Шимон Бар Йохаянын Мерон тоосундагы бейитинин жанына жөөттөрдүн Лаг ба-Омер майрамын белгилөө коронавируска байланыштуу чектөөлөр алынып салынгандан кийин Израилдеги биринчи массалык иш-чара болду. Полиция бул иш-чарага 100 миңге чукул адам катышып жаткандыгын билдирди. Майрам учурунда жаракат алгандарды жана курман болгондордун сөөктөрүн эвакуациялоого өлкөнүн  аскер…

Прочитайте больше

Коронавирус эпидемиясы климатка кандай жакшы таасир берди?

Коронавирус эпидемиясы климатка кандай жакшы таасир берди?

Эпидемиядан улам Гималайдагы карлардын эриши жайлады.Эл аралык климатологдор тобу 2020-жылы Гималайдын тоо этектериндеги мөңгүлөрдүн жана карлардын эриши Индияда өнөр жай жана автоунаалар бөлүп чыгарган чаңдын көлөмүнүн 30% азайгандыгына байланыштуу кескин басаңдагандыгын аныкташты. Изилдөөчүлөр, абанын тазаланышы кардын эришин кескин басаңдатып, эриген суунун көлөмүн болжол менен 6,55 кубометрге азайтканын белгилешкен.Ошондой эле коронавирустук инфекциянын Кытайга, андан кийин бүткүл дүйнө жүзүнө жайылышы ондогон өлкөлөрдө өнөр жай өндүрүшүнүн, унаа трафигинин жана башка көптөгөн булактардын кескин төмөндөшүнө алып келген. Натыйжада аба…

Прочитайте больше