Европа Биримдиги Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр

Европа Биримдиги Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр

Европа Биримдиги учурдагы аймактык жана эки тараптуу программаларынын алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө  сүйлөшүү жүргүзгөн учурда белгилүү болду. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, министр Казакбаев кыргыз-тажик чек арасында ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуу жетишилгенин жана Кыргызстан кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга ниетте экендигин билдирди….

Прочитайте больше

Тажик тарап Төрт-Көчө участогун кайра жаап салды. Чек арада алардын аскердик техникалары байкалууда

Тажик тарап Төрт-Көчө участогун кайра жаап салды. Чек арада алардын аскердик техникалары байкалууда

Тажикстандын куралдуу күчтөрү Баткен районунун Төрт-Көчө участогун кайра жаап алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-майда, саат 11:30дар чамасында тажик тарап жолго шагыл төктү. Алар өз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жеринде аскердик техникалары турганы да катталды. Чек ара кызматынын маалыматында учурда абал салыштырмалуу чыңалуу таризде турат. Ошол эле учурда коомдук сайттарда, Лейлектин Арка деп аталган жеринде ок атылганы тууралуу да маалыматтар жарыяланды. Ал эми Тажик тарап расмий маалымат тарата…

Прочитайте больше

Акыркы 24 саат ичинде 3501 индиялыктын короновирустан өлүмү катталды (статистика)

Акыркы 24 саат ичинде 3501 индиялыктын короновирустан өлүмү катталды (статистика)

Акыркы дүйнөлүк статистикага ылайык, Индияда кечээ кечинде 386 миңден ашуун адам коронавирусун жуктуруп, 3501 адам өмүрүнөн айрылды. “Дүйнөлүк” маалымат базасынын акыркы глобалдык статистикасына ылайык, бүгүн эртең мененкиге чейин (30-апрель) дүйнөдө 151 миллион 159 миң 892 адам коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды.Алардын ичинен 3 млн. 179 миң 925 бейтап көз жумган. Ошондой эле дүйнөдөгү жалпы бейтаптардын ичинен 128 млн. 571 миң 187 адам айыгып, бул ооруну жеңе алышты. Ал эми дүйнөдө эң көп ооруган Америка Кошмо Штаттарында…

Прочитайте больше

Путин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылууга даяр

Путин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылууга даяр

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылууга даяр. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. “Биздин ЖККУ сыяктуу жана башка түрдүү форматтардагы жалпылыгыбызды эске алуу менен албетте, президент Путин мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда келип чыккан олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчулук ролду ойноого ар дайым даяр. Ал бул жөнүндө дайыма айтып келет”, – деди Песков Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалында Орусиянын мамлекет башчысынын ортомчулук кылуусу мүмкүнбү деген суроого…

Прочитайте больше

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык,  2021-жылдын 1-2-май күндөрү өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. 2021-жылдын 29-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар  жана  жаракат алгандар болду. Куралдуу кагылышуу ошондой эле тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди. Курман болгондорго терең кайгыруу менен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл…

Прочитайте больше