Мусулмандык – ынтымак дини

Мусулмандык – ынтымак дини

Кылымдар бою ишенимдери, улуттары ар түрдүү болгон калктар мусулман өлкөлөрүндө эч кандай кысым көрбөй эркин өмүр сүрүшкөн. Жада калса, өзгө өлкөлөрдө кысым көргөн башка ишенимдегилер мусулмандардан башпаанек издеп келген учурлар көп болгон. Анткени, мусулман маданиятында конокжандуулук, башпаанек сурап келгендерге камкор болуу, аны душмандардан коргоо, конокко кызмат кылуу өзгөчөлүгү бар. Ушул себептен колуна курал алып, кезек менен түнү бою үйдүн тегерегин күзөтүп, коногун коргогондор көп болгон. 8 кылымдай мусулмандардын бийлигинде болгон Андалусия эли христиандар тарабынан басып…

Прочитайте больше

Тажикстан Жерге-Тал районунан кыргыздарды депортация кылууда

Тажикстан Жерге-Тал районунан кыргыздарды депортация кылууда

Тажикстан Жерге-Тал районундагы кыргыз паспорттуу жарандарын депортациялай баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургандар билдиргенин 24.kg сайты жарыялады. Тургундардын айтымдарында, акыркы жумада тажик бийлиги паспорттук көзөмөлдү күчөттү. «Кимде Кыргызстандын жарандыгы болсо, текшерип, аларды шарт эле район борборуна алып кетишүүдө. Анан алар кыргыз жарандыгынан баш тартып, токтоосуз тажик жарандыгын алууну талап кыла башташты. Мындай талапка көнбөгөндөрдү Ош обулсунун Чоң-Алай районундагы “Кара-Мык” өткөрүү пункту аркылуу депортация кыла баштады. Алар буюмдарын алганга да жетишпей жатышат”,- дейт тургун. Анын кошумчалаганындай, Жерге-Тал…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга кол койду. Ошондой эле мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Белгилей кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция боюнча референдумга добуш берүү өтүп, анда шайлоочулардын 79%дан ашыгы “макул” добушун берген.

Прочитайте больше

Меккеге баруу үчүн эми кандай шарттар талап кылынат?

Меккеге баруу үчүн эми кандай шарттар талап кылынат?

Сауд Аравия зыяратчыларды коронавирустан камсыздандыруусу жок кабыл албайт.  Белгилей кетсек, зыяратчылар мындан ары ажылыкка коронавирустук дарылоону камтыган медициналык камсыздандыруусу болгондо гана катыша алышат. Тийиштүү чечим Сауд Аравия падышалыгынын бийлиги тарабынан кабыл алынган. Жаңы белгиленген шарттардын ичинде коронавирусту түздөн-түз дарылоо күбөлүгүнөн тышкары, эгер адам ооруп калган болсо, карантинден өтүшүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалда үйүнө жеткирүү боюнча камсыздандыруу дагы камтылышы керек. Эске салсак, быйыл Мекке жана Мединадагы ыйык жерлерине ажылык сапары июль айынын экинчи жарымына туш келүүдө….

Прочитайте больше

Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашат

Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашат

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда  Москвада жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты талкуулашат.  Бул тууралуу РИА Новостиге Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Тажикстандын президенти ошондой эле Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышып, андан соң Душанбеге жөнөп кетет. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жергиликтүү тургундарынын ортосундагы жаңжал 28-апрелде башталып, 29-апрелде куралдуу кагылышууга чейин жеткен. Чек арадагы кагылышууда кыргыз тараптан 36 киши каза болуп, 190го жакын адам жаракат алды.

Прочитайте больше