Каракол шаарында өлкөдөгү ири эт комбинаты ишке кирди

Каракол шаарында өлкөдөгү ири эт комбинаты ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-майда, Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы “Рейна Кенч” эт комбинатынын ишке киргизилишине катышты.  Мамлекет башчысына ишкананын малды союу, этти баштапкы иштетүүдөн өткөрүү жана даяр продукцияны акыркы керектөөчүгө жеткирүү боюнча жасаган иштери жөнүндө маалымат берилди. Эт комбинатынын курулуш иштери өткөн жылдын август айында башталган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 баш майда жана 100 баш бодо мал союуну түзөт. Ишкананы ишке киргизүүгө жалпысынан 132 миллион сом сарпталып, анын 36 миллион…

Прочитайте больше

Түркия Кыргызстанга ГЭС курат

Түркия Кыргызстанга ГЭС курат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун (ТОВВ) жетекчиси Рыфат Хисаржыкоглу жетектеген делегация менен жолукту. Бул тууралуу  Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда Улукбек Марипов кыргыз тарап кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерине жана Түркия Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатканына токтолуп, “Бүгүнкү күндө жетекчиликтин бирден бир милдети бул инвесторлор үчүн шарттарды түзүү. Тилекке каршы бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы товар жүргүзүү реалдуу потенциалга жооп бербейт. Жалпы максатка жетишүү үчүн биздин өлкөлөр ириде биргелешкен…

Прочитайте больше

Кумтөр – Кыргызстандын башына түшкөн балээ!

Кумтөр – Кыргызстандын башына түшкөн балээ!

1992 жылы, биздин Өкмөт, канадалык Камеко (Cameco Corporation) компаниясы менен биргеликте “Кумтор Голд Компани” ЖАК (жабык акционердик коом) түзгөн. Негизи, жакшы идея эле. Анын үстүнө, алгачкы келишимге ылайык, бул ири ишкананын 3/2 бөлүгү же 67% пайызы Кыргызстанга таандык болгон. Ал эми канадалыктарга 33% гана энчиленген. Демек, баштапкы этапта, биздин өлкөнүн кызыкчылыгы эске алынган. Андан сырткары, бул ишкананы башкаруу үчүн “Кумтор Оперейтинг Компани” аттуу ишкана түзүлүп, жалпы чыгымдардын 4,5% пайызын түзгөн акы чегерилген. Чынында, ошол жерде…

Прочитайте больше

Газада курман болгондордун саны 200гө жетти

Газада курман болгондордун саны 200гө жетти

АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн колдоосу менен болгон Израилдин Палестинага каршы чабуулдарында Иран жана бир катар ислам өлкөлөрү Палестинага тилектештиктерин билдиришти. Белгилей кетсек, Израиль армиясынын Газага болгон чабуулунан 60ка чукул бала жана 35 аял курман болгон. Дүйнөлүк тышкы саясатта Тегеран ХАМАСка Израиль армиясынан коргонууда ар тараптуу колдоо көрсөтүп келээри анык.Ал эми акыркы күндөрдө Израилдин Газага чабуулу күчөгөндөн улам Түркиянын президенти Режеб Тайип Эрдоган да Израилди каттуу айыптаган. Түркиянын жана Ирандын президенттери ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болгонун 16-майда Түркиянын…

Прочитайте больше

Палестина-Израиль жаңжалы: Кытай Палестинаны колдойт

Палестина-Израиль жаңжалы: Кытай Палестинаны колдойт

Пекин Палестинаны колдойт жана Палестина-Израиль жаңжалын жөнгө салууга жардам берет. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И пакистандык кесиптеши Шах Мехмуд Куреши менен болгон телефодогу сүйлөшүүсүндө билдиргени Кытай ТИМинин сайтында маалымдалды. “Кытай Палестинанын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтирүүдө, учурдагы көйгөйлөрдү саясий диалог аркылуу чечүүдө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмун, Араб мамлекеттеринин лигасын жана Ислам Кызматташтык Уюмун бекем колдоону уланта берет”, – деп билдирди Ван И. Анын айтымында, Пекин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин конструктивдүү ролуна үмүт артып, уюм жаңжалдашып жаткан тараптарды…

Прочитайте больше