Ош: балдар арасында кылмыштуулук көбөйдү

Ош: балдар арасында кылмыштуулук көбөйдү

Өткөн жылы Ош шаарында мектеп окуучулары арасында 13 кылмыш иши катталса, быйыл жыл башынан бери, тактап айтканда, 5 айга жетпеген аралыкта 46 учурга жетти. Анын 29у сотко өткөрүлгөн. Жаш өспүрүмдөр ортосундагы кылмыштуулуктун санын кыскартуу жана профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында шаардык милиция “Ачык эшиктер күнүн” өткөрдү. Ош шаардык ИИБ уюштурган “Ачык эшиктер күнүнө” чакырылган калаадагы он мектептин 300гө жакын окуучулары милициянын иши менен таанышты. Аларга тергөө кызматкерлеринин кызмат учуру да көргөзүлдү. Балдар бул нерседен таасирленгенин айтышты….

Прочитайте больше

Израиль менен ХАМАС ок атууну токтотууга макулдашышты

Израиль менен ХАМАС ок атууну токтотууга макулдашышты

Израилдин Министрлер кабинети Газа тилкесинде ок атууну токтотууну колдоду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттар маалымдашты. Бейшемби күнү бир катар араб ЖМКлары Израиль өкмөтү өлкөнүн Коопсуздук иштери боюнча министрлер кабинети Египеттин эки тараптын ок атышпоо демилгесин кабыл алгандыгын билдиргенин жарыялашты. Палестинанын ХАМАС кыймылы эгерде Израиль ок атууну токтотуунун шарттарын аткарса, анда алар дагы 21-майдан тартып Израилди аткылоону токтотууга даяр экенин билдирди. Ливан басылмалары ХАМАСтагы булактарына таянып, макулдашуу АКШнын президенти Жо Байден менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөндөн кийин…

Прочитайте больше

Дамаск демократиянын туура багытында баратат

Дамаск демократиянын туура багытында баратат

Иран Ислам Консультативдик Ассамблеясынын Төрагасынын эл аралык иштер боюнча атайын жардамчысы: “Сирияда президенттик шайлоонун өз убагында өткөрүлүшү Дамаск демократиянын туура жолунда бараткандыгын көрсөтөт”,- деп жазган. Белгилей кетсек, Сирияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 20-майда башка өлкөлөрдөгү элчиликтеринде, консулдуктарында жана дипломатиялык миссияларында башталган. Шайлоолор  Австралия, Япония, Кытай, Малайзия, Индонезия, Пакистан, Индия, Оман, Иран, Армения, Кипр, Ирак, Иордания, Орусия, Беларусия, БАЭ жана Ливан сыяктуу өлкөлөрдө өттү. Эске салсак, чет өлкөлөрдө жашаган сириялык жарандарга добуш берүү Германиянын жана Стамбулдагы…

Прочитайте больше

Түркия менен Кыргызстан 1 млрд. доллардык соода жүгүртүшөт

Түркия менен Кыргызстан 1 млрд. доллардык соода жүгүртүшөт

Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев кыргыз-түрк достук мамилелери өнүктүрүлө тургандыгын белгиледи. “Кыргызстан менен Түркия өз ара соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда”,- деп билдирди Кубанычбек Өмүралиев Анадолу агенттигине. Элчи өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 507 млн. долларды түзгөнүн эске салып: “Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы стратегиялык макамга ээ”,- деди. Анын айтымында, Кыргызстан Түркия менен айыл чарба, текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка өз ара пайдалуу тармактарда биргелешкен өнөр жай ишканаларын ачууга кызыкдар. Кубанычбек Өмүралиев мындай…

Прочитайте больше

Иран эли президенттикке кандай адамды шайлашат?

Иран эли президенттикке кандай адамды шайлашат?

Иранда 13-президенттик шайлоо жакындаган сайын, коомчулук кандай адам шайланат деп чыдамсыздык менен күтүүдө. Белгилей кетсек, бул ирет өз талапкерлигин экс-президент Махмуд Ахмадинежад, 12-президенттик шайлоодогу Хасан Руханинин күчтүү атаандашы Аятолла Реиси, реформатор Масуд Пезешкян, жана мунай экс-министри Рустам Касеми аттуу белгилүү саясатчылар коюшкан. Эске салсак, 27-майда талапкерлерди каттоо аягына чыгып, 18-июнда президенттик шайлоолор өткөрүлөт.Талапкерлерди кыскача тааныштыра кетсек, коомчулукка мурдагы президент катары белгилүү болгон Махмуд Ахмадинежад 1956-жылы туулган. Ал 2005-2013-жылдар аралыгында эки ирет төрт жыл катары менен Президент болуп иштеген. Ахмадинежад Ардебилдин…

Прочитайте больше