200дөй тажик жараны «Манас» аэропортунан артка кайтарылды

200дөй тажик жараны «Манас» аэропортунан артка кайтарылды

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 189 жаран кайра артка жөнөтүлдү. Алар менен чогуу келген тогуз чет элдик адам өлкөгө киргизилип, тажик жарандары өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Азаттык Үналгысы жазды. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова бул кыргыз-тажик чек арасынын убактылуу жабылганына байланыштуу экенин айтты. 25-майда түнкүсүн Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясы менен Кыргызстанга учуп келген жүргүнчүлөр киргизилбей жатканын тажик басылмалары жазышкан. Алар кайра келген учактарын да артка кайтышкан. Министрлер кабинетинин 2021-жылдын…

Прочитайте больше

Балыкчы шаарына электромобиль автозаводу курулат

Балыкчы шаарына электромобиль автозаводу курулат

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарына электромобиль автозаводу курулат. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынын Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды. Маалыматка караганда, 25-майда шаарга Түштүк Кореядан электромобиль автозаводун куруу боюнча инвесторлор келишкен. “Инвесторлорду мэрдин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу тосуп алды. Балыкчы шаары тогуз жолдун тоому болгондуктан, соода-экономикалык, темир жол жана автотранспорт байланыштарынын түйүнү экенин баса белгилеп, Кореядагы электр автомобиль куруу компаниясынын финансы бөлүмүнүн аткаруучу директору Ким Жи Цук, аткаруучу директору Ли Кен Дже, Пар Кен Хе жана башкы директору Ан Юн Жун менен баарлашты”, – деп айтылат…

Прочитайте больше

Дүйнөдө дээрлик жарым млрд. адам 2-типтеги диабет менен оорушат

Дүйнөдө дээрлик жарым млрд. адам 2-типтеги диабет менен оорушат

Америкалык илимпоздордун айтымында, дүйнө жүзү боюнча дээрлик жарым млрд. адам 2-типтеги диабет менен оорушат жана алардын көпчүлүгү кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдүн жашоочулары. Мунун себеби, жакыр өлкөлөрдүн көпчүлүк бейтаптары тиешелүү медициналык жардам алышпайт.Белгилей кетсек, акыркы он жылдыктарда кант диабетине чалдыккандардын саны төрт эсе көбөйдү.Алардын айрымдары гана жетиштүү дарыланышса, ал эми диабет менен ооругандардын жарымынан көбү өз диагнозу жөнүндө билишпейт, деп Мичиган университетинин адистери The Lancet гезитине билдиришкен.Эске салсак, 2-типтеги кант диабети – бул өнөкөт оору…

Прочитайте больше

Хабиб Мейвезер менен мушташуу үчүн сунушталган 100млн. доллардан эмнеге баш тартты?

Хабиб Мейвезер менен мушташуу үчүн сунушталган 100млн. доллардан эмнеге баш тартты?

UFCнин жеңил салмактагы орусиялык экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Флойд Мейвезер менен мушташуудан баш тартты. Хабибдин менеджери Али Абдель-Азиз мындан мурда Хабибге мушкер Флойд Мейвезер менен мушташуу үчүн 100 млн. доллар сунушталганын жана ал буга карабастан баш тартканын билдирди.  «Хабибге UFCден кеткенден кийин Флойд Мейвезер менен мушташка чыгууга 100 млн. доллар сунушталган. Бул тууралуу Флойддон сурасаңыз болот же каалаган адамдан сурасаңыз болот, бирок Хабиб: Жок, мен  UFCден кеттим. Карьерамды бүттүм деп апама айттым, мен ага берген сөзүмдү аткарам. Эгер апам дагы бир…

Прочитайте больше

Ирандын президенттигине 7 талапкер ат салышат

Ирандын президенттигине 7 талапкер ат салышат

Иранда 18-июнда өтө турган президенттик шайлоого 7 адамдын талапкерлиги катталды. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жарыяланды.Белгилей кетсек, шайлоого катышуу үчүн өлкөнүн экс-президенти Махмуд Ахмадинежад, парламенттин мурдагы төрагасы Али Ларижани жана вице-президент Эсхак Жахангири баш болгон 592 адам кайрылган, бирок алардын талапкерлиги кабыл алынган жок. Ал эми акыркы тизме менен каттоодон жети гана талапкер өткөн. Алар: учурдагы сот тутумунун башчысы Ибрагим Раиси, экс-вице-президент Мохсен Мехрализаде, Борбордук банктын төрагасы Абдолнасер Хеммати, Саясий максатка ылайыктуулук кеңешинин катчысы Мохсен Резаи, Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешиндеги…

Прочитайте больше

Таласта суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптады (видео)

Таласта суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптады (видео)

Таласта суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, Бакай-Ата районунда саат 18:30дар чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары каналга батпай Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун жана Бердике айыл аймагындагы болжол менен 70 га айдоо жерин каптады. Жерине айыл аймактан бир жүктөгүч, бир экскаватор, 2 трактор, жергиликтүү тургундардан 50 киши жана ӨКМдин 15 кызматкери тартылды.

Прочитайте больше