Баткенде Тажикстанды айланып өтүүчү жол курулууда

Баткенде Тажикстанды айланып өтүүчү жол курулууда

Президент Садыр Жапаров Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты. Аталган жолдун курулушунун негизги максаты — Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылуу. Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 км. Азыркы учурда 7 км жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды. Мамлекет башчысы альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына…

Прочитайте больше

Келечек жөнүндө ойлонгондо, мээде кандай өзгөрүүлөр болот?

Келечек жөнүндө ойлонгондо, мээде кандай өзгөрүүлөр болот?

Пенсильвания университетинин окумуштуулар тобу келечек жөнүндө ойлонуп жатканда адамдын мээсинде пайда болгон нерв процесстери боюнча изилдешти. Белгилей кетсек, илимпоздор буга чейин мээдеги нейрон түйүндөрүнүн маанилүү ролу жөнүндө билишкен эле, бирок алардын иштөө принциби тууралуу толук түшүнө элек болчу. Эми америкалык нейробиологдор көптөгөн суроолорго жооп издей башташты. Мисалга, илим нейрон тармагы келечек жөнүндө ой жүгүртүүдө маанилүү роль ойной тургандыгын илгертен эле билип келген, бирок эксперттер анын иштешин эч качан изилдешкен эмес. Ал эми жакында америкалык окумуштуулар…

Прочитайте больше

Эмне үчүн АКШ Пакистанда аскер базасын куруп жатат?

Эмне үчүн АКШ Пакистанда аскер базасын куруп жатат?

АКШ армиясы Пакистандагы Дюранда линиясынын жанына ири аскер базасын кура баштады. Бул тууралуу Ооганстандын “Ariana news” маалымат агенттиги билдирди. Борбордук Азиянын маалымат порталы АКШ Ооганстан менен чек арага жакын Пакистандын аймагында өзүнүн аскердик түзүлүштөрүн жайгаштыруу жолу менен өзү үчүн кандай стратегиялык милдеттерди чечип жаткандыгын талдап чыкты.Маалымат каражаттарынын билдиришинче, АКШнын базасы Пакистандын Ооганстандын Пактия провинциясы менен чектешкен Уруу аймагындагы Шалозан Куррам районунда курулуп жатат. Америкалыктардын жаңы базасы Ооганстан менен чек арадан 8 чакырым алыстыкта жайгашат. Парачинар…

Прочитайте больше

Кыргызстан Уламалар Кеңешинин жаңы жетекчиси шайланды

Кыргызстан Уламалар Кеңешинин жаңы жетекчиси шайланды

Абдыманап Масалиев Кыргызстан Уламалар Кеңешинин жаңы жетекчиси болуп шайланды. Уламалар кеңешинин мүчөлөрү төрага Абибилла Кадырбердиевдин отставкасын кабыл алышып, анын ордуна Абдыманап Масалиевди  шайлашты.Белгилей кетсек,  27-майда Уламалар кеңеши жаңы муфтийди шайлашы керек болчу, бирок шайлоо кийинкиге жылдырылып, 26-июнга белгиленген. Эске салсак, Кыргызстандын муфтийлигине алты адам талапкерлгин койгон. Дагы экөөсүнө шайлоого катышууга уруксат берилген жок.Ошондой эле, аттестациялык комиссиянын мурунку курамы жоюлуп, шайланган комиссиянын жаңы мүчөлөрү кайрадан муфтийликке, ошондой эле Уламалар кеңешине талапкерлерден экзамен алаары белгилүү болду. Мусулмандардын Дин Башкармалыгынын Текшерүү…

Прочитайте больше

Түркия баткендиктер үчүн 100 үй куруп берет

Түркия баткендиктер үчүн 100 үй куруп берет

Баткендеги чек ара окуясында толук кыйратылган 136 үйдүн 100үн түрктөр жана калган 36сын жергиликтүү бизнесмендер курушаары белгилүү болду. “Баткендеги күйүп кеткен үйлөр Түркия өкмөтүнүн эсебинен калыбына келтирилет”- бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Түркия Баткен облусуна 100 үй салууну көздөп жатат. Белгилей кетсек, буга чейин Баткендеги жаңжал учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн 36 үй жергиликтүү ишкерлер тарабынан курулаары маалымдалган. Эске салсак, чек ара жаңжалынын натыйжасында Лейлек жана Баткен райондорунда 136 үй толугу…

Прочитайте больше