Мексикада коронавирустан айыккан бейтаптан мукормикоз аныкталды – дарыгерлер анын сол көзүн алып салганы жатышат

Мексикада коронавирустан айыккан бейтаптан мукормикоз аныкталды – дарыгерлер анын сол көзүн алып салганы жатышат

Мехико штатынын дарыгерлери 34 жаштагы кант диабети менен ооруган адамдан мукормикоз илдетин аныкташты. Грибок инфекциясы COVID-19дан айыккандан кийин пайда болгон, учурда бейтаптын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын “Milenio” басылмасы бейтаптын үй-бүлөсүнө шилтеме берип билдирди.“Отоларинголог Грегорио Авенданього мукморикоз,”көк дат” диагнозун койду… Ага тезинен операция жасатуу керек”, – деди бейтаптын иниси.“Milenio” басылмасынын маалыматы боюнча, Грегорио Авенданьодон коронавирус 10-майда аныкталган. Ал кант диабетине карабастан, үйүнөн илдеттен эч кандай көйгөйсүз айыгып, вируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөндөн кийин жумушуна чыккан….

Прочитайте больше

Тажикстанда Иран полициясынын өкүлчүлүгү ачылат

Тажикстанда Иран полициясынын өкүлчүлүгү ачылат

Душанбеде Иран полициясынын өкүлчүлүгү, ал эми Тегеранда Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү ишке кирет. Тегеранда Тажикстандын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рамазон Рахимзода менен Ирандын полиция башчысы, бригадалык генерал Хусейн Аштаринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлигинин басма сөз борбору маалымдады. Ведомстволордун жетекчилери коопсуздук жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. “Кызматташтыкты бекемдөө максатында Тажикстанда Иран полицисынын өкүлчүлүгүн, ал эми Иранда Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүн ачуу сунушталды”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө. Мындан тышкары, Рахимзода менен…

Прочитайте больше

Тажикстан келишимдерди бузуп, Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга кетти

Тажикстан келишимдерди бузуп, Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурсу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев Ош облусунун Чоң-Алай районуна жөнөп кетишти. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти. Эске салсак, тажик тарап делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюна өкмөттөр аралык делегациянын мурда жетишилген келишимдерин бузуу менен 4-июнда түнкү саат 03:00дөр чамасында КРнын аймагына 1000 метрге чейин кирүү менен Ош облусунун Чоң-Алай райнундагы Унжу-Булак жергесинде чек аранын такталбаган тилкесине…

Прочитайте больше

Маршруттук таксилердин иш таштоосуна байланыштуу 34 транспорттук компанияга айып пулс алынат

Маршруттук таксилердин иш таштоосуна байланыштуу 34 транспорттук компанияга айып пулс алынат

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосуна байланыштуу 34 автотранспорт ишканалары үчүн көрсөтмөлөр даярдалды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.31-майда Шаардык транспорт башкармалыгы укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардык кичи автобустардын каттамдарын тейлеген транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөргөн. “Бардык көрүлгөн чараларга, түшүндүрүү иштерине карабастан, Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары 2-июнда каттамга чыгышкан жок. Транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору 2-июнь күнү эртең мененки саат 7ден баштап айдоочулар менен маршруттардын акыркы пункттарында чогулуп жатышты. 34 автотранспорт ишканасына…

Прочитайте больше