2021-жылы да COVID-19га байланыштуу чет элдик мусулмандар Меккеге ажылыкка бара алышпайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Сауд Аравиясынын бийлиги өлкөдө жашагандардан 60 миң адамга гана ажылык кылууга уруксат берүү чечимин кабыл алган. Өлкөнүн ажылык жана умра иштери боюнча министрлигинин маалыматына ылайык, ыйык жерлерге эмдөөдөн өткөн, өнөкөт оорулары жок 18ден 65 жашка чейинки зыяратчылар киргизилет. Ушул жылдын март айында, Сауд Аравиясы быйыл коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр ажылык сапарга бара аларын билдирген эле. Бирок, дүйнөнүн көптөгөн…
Прочитайте большеDay: June 14, 2021
Кыргызстанда шаардык жапыз автобустар кураштырылып чыга баштайт
Жакын арада Чүй облусундагы заводдо электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоо пландаштырылууда. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдыруу учурунда маалым болду. “Жакын арада завод электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоону пландаштырууда. Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэриясына аталган автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады”, – деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө. Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле эл аралык стандарттардын талабына…
Прочитайте больше