Космонавт Ысык-Көлдүн космостон тартылган жаңы сүрөтүн жарыялады

Космонавт Ысык-Көлдүн космостон тартылган жаңы сүрөтүн жарыялады

Орусиялык космонавт Олег Артемьев Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырды. “Сүрөттө эн белгилүү жана кооз көлдөрдүн бири Кыргызстандагы Ысык-Көл экенин таанысанар керек”, – деп жазды космонавт. Белгилей кетсек, Олег Артемьев буга чейин дагы Эл аралык космостук станциядан тартылган Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн жана видеолорун бир нече жолу жүктөгөн.

Прочитайте больше

Таттуу азыктарды өлчөмүнөн ашыкча колдонуу мээге зыян

Таттуу азыктарды өлчөмүнөн ашыкча колдонуу мээге зыян

Микротолкундуу меште бышырылган таттуу азыктар менен газдалган суусундуктарды көп колдонуу мээнин сезгенишине жеткирип, нерв талчаларын жабыркатат. Бул тууралуу окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы Rai Al Youm гезитине жарыяланды.Анда окумуштуулар мээге, акыл-эске доо кетирип, Альцгеймер оорусунун пайда болушун шарттай турган азыктарды изилдеп чыгышканы жазылган.Улуу Британиянын Бат университетинин окумуштуулары шекерди өлчөмүнөн ашыкча колдонгон же курамында шекер бар таттууларды көп жеген адамдын артериялары ичкерип, мээге кан жеткирүү кыйынчылык жаратарын, натыйжада атеросклероз оорусун пайда кыларын билдиришти.Ошондой эле, Түштүк Австралия университетинин окумуштуулары…

Прочитайте больше

АКШ өз президенттеринин рейтингин жарыялады

АКШ өз президенттеринин рейтингин жарыялады

Америкалык тарыхчылар Дональд Трампты, айрыкча анын адеп-ахлактык сапаттары жана административдик жөндөмдөрү үчүн өлкөнүн эң начар президенттеринин бири деп аташты. Белгилей кетсек, бул изилдөөнү АКШнын C-SPAN каналы жүргүзгөн. Бул боюнча 2000-жылдан бери төртүнчү жолу басылма түзгөн рейтингдин үстүнөн АКШнын  142 эксперт-тарыхчылары иштеди. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Трамп рейтингдеги 44 катышуучунун арасынан 41-орунду ээледи.Ал эми, АКШнын алдыңкы үч президенттин катарына Авраам Линкольн, Джордж Вашингтон жана Франклин Рузвельт кирди.Ошондой эле, Джон Кеннеди сегизинчи орунду ээледи, андан кийин республикачылардын президенти Рональд Рейган жана алдыңкы ондукка 44-президент Барак Обама кирди.Демократ Билл Клинтон 19-орунда, Буш улуусу 21-орунда, Президент Жордж Буш 29-орунда…

Прочитайте больше

Дагы 300 оогандык аскерлер Тажикстанга качып киришти

Дагы 300 оогандык аскерлер Тажикстанга качып киришти

Ооганстандын 300 аскери Кабулдан 70 км. түндүктө Талибанга каршы күрөшүүдө жеңилип, Тажикстанга качып кирди. Бул боюнча Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ооганстандын айрым чек ара аймактарындагы кырдаалды “курч”деп мүнөздөөдө.Эске салсак, 3-июлда саат 18:30 чамасында Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Хохон районундагы Овез айылы, Шахрибузург району жана Рогистон районундагы Зираки айылы толугу менен талиптердин көзөмөлүнө алынган. Алар ошондой эле Хохон округундагы Овез чек ара командачылыгын басып алышкан.Ал эми согуштан артка чегинүү учурунда 300гө жакын чек арачылар Тажикстан…

Прочитайте больше

Индия штаммын дагы коронавирус Ирандын 92 шаарында табылды

Индия штаммын дагы коронавирус Ирандын 92 шаарында табылды

Ирандын Салматтыкты Сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун 5-толкуну башталганын билдирди. Белгилей кетсек, өлкөдө коронавируска каршы вакциналар кеңири алынып келип, улуттук вакциналар да чыгарылып, масштабдуу эмдөөлөр башталганына карабастан, коронавирустун коркунучтуу жаңы штаммдары пайда болууда.Учурда коронавиурстун “Индия штаммы” Ирандын 92 шаарында табылган. Ошону менен бирге, 80 миллиондук калктуу өлкөдө күнүнө 8 миңден 10 миңге чейин коронавирустук жаңы учурлар катталса, 90-100гө чукул бейтаптар көз жумууда. Падемия башталгандан бери жалпы ооругандардын саны 3 миллиондон ашып, 100 миңге жакыны дүйнө салса,…

Прочитайте больше