1-сентябрдан баштап электр энергиясына болгон тариф кымбаттайт

1-сентябрдан баштап электр энергиясына болгон тариф кымбаттайт

Отун энергетикалык комплекси боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде 1-сентябрдан баштап Кыргызстанда электр кубатына болгон жаңы тарифтер коюлуп башташы мүмкүн экенин билдирди. Ал Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору боюнча коомдук талкуунун жыйынтыгы күтүлүп жатканын билдирип: “Азыр бир аз кечигип жатабыз. Эгерде 15-июлда коомдук талкуу аяктай турган болсо, аны өкмөткө алып барып, бардык министрлик жана ведомстволор менен макулдашуу үчүн бир…

Прочитайте больше

Кытайда дрон орнотулган смартфон ойлоп табылды (фото)

Кытайда дрон орнотулган смартфон ойлоп табылды (фото)

Кытайлык Vivo компаниясы камералары бар дрон орнотулган өзгөчө смартфон ойлоп тапты. Бул тууралуу нидерланддык LetsGoDigital басылмасы билдирет. Патент Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна (WIPO) декабрь айында берилген, бирок арыз июль айында гана жарыяланды. Маалыматка ылайык, чакан квадрокоптер смартфондун корпусунун жогору жагындагы оюкта жайгаштырылат. Дрон  төрт дилдирек, өзүнчө аккумулятор, эки камерадан жана жакындата турган үч инфракызыл датчик менен жабдылат. Квадрокоптер маалыматтарды телефонго Wi-Fi жана Bluetooth аркылуу өткөрүп берет. Аппарат сүрөттөрдү жана видеолорду бийиктиктен тартууга ылайыкталган. Колдонуучулар…

Прочитайте больше

Реалдуу коркунуч: Ооганстандагы согушкерлер Тажикстанга кириши мүмкүнбү?

Реалдуу коркунуч: Ооганстандагы согушкерлер Тажикстанга кириши мүмкүнбү?

Орусиянын “Альфа” антитеррордук бөлүмүнүн ардагерлеринин эл аралык бирикмесинин ардактуу президенти Сергей Гончаров америкалык аскерлер жана алардын союздаштары Ооганстандан чыгып кеткенден кийин, көйгөйлөр Борбор Азия өлкөлөрүндө гана эмес, Орусияда дагы башталат деп эсептейт. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды. Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү радикал Талибан кыймылына туруштук бере албай, артка чегинип жатышат. Согушкерлерден качкан ооган аскерлери Тажикстан жана Өзбекстандын аймагын  массалык түрдө кесип өткөн учурлар катталды. Мунун бардыгы америкалык аскерлердин жана алардын союздаштарынын Ооганстандан чыгып жаткан учурда болуп…

Прочитайте больше

Түркмөнстандын калкы 2,7млн. адамга чейин азайган

Түркмөнстандын калкы 2,7млн. адамга чейин азайган

Түркмөнстандын президенттери Сапармурат Ниязов менен Гурбангулы Бердымухамедовдун тушунда калк 1980-жылдардын деңгээлине түшкөнү белгиленди. Бул жолу жергиликтүү эл каттоонун кызматкерлери деле мындай көрсөткүчтөрдү күткөн эмес.Анткен менен жергиликтүү булактардын маалыматына ылайык,Түркмөнстандын калкы азайып, өлкөдө 2,7-2,8 млн. адам жашаары аныкталды.Булактардын биринин айтымында, бөлүмдөр Түркмөнстан Президентинин администрациясына отчет берүү үчүн калкты каттоо боюнча алдын-ала маалыматтарды чогултушкан.«Калкты эсептөөдө колдонулган ыкмалар ар башкача болгон, негизинен –   үймө-үй кыдыруу, бирок башка түз жана кыйыр маалыматтар дагы колдонулган. Мисалга, армияга чакырылгандардын саны, мектеп бүтүрүүчүлөрү, университеттин студенттери, бала…

Прочитайте больше

Түрк ЖМКсы: Орхан Инанды ФЕТОнун 25 мүчөсүнө Кыргызстандын паспортун алууга мыйзамсыз жардам берген

Түрк ЖМКсы: Орхан Инанды ФЕТОнун 25 мүчөсүнө Кыргызстандын паспортун алууга мыйзамсыз жардам берген

Түркиянын Haber Turk басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булагына таянып, кармалган Орхан Инанды ФЕТО уюмунун Түркиядан качып келген 25 мүчөсүнө кыргыз жарандарынын паспортун алуу үчүн мыйзамсыз жардам көрсөткөндүгүн билдирди. Берилген маалыматтарга караштуу, Орхан Инанды ушул жылдын март айында АКШнын Пенсильвания штатындагы FETOнун штаб-квартирасына барып, ал жерде уюмдун лидерлери менен жолугушкан.Ага мурдараак Түркиядан качып кеткен 25 ФЕТОнун мүчөлөрүнө башпаанек берүү милдети жүктөлгөн деп айтылууда. Эске салсак, “Сапат” түрк лицейлеринин президенти жана Кыргызстандын жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп кеткен.Ушул убакка…

Прочитайте больше

Үйлөнүү жана тагдыр

Үйлөнүү жана тагдыр

Суроо: Мен кызымды динин билген жакшы мусулман адам менен үйлөндүргүм келет, бирок, бирөө мага: «Аллах анын маңдайына ичкилик ичкен жаман бирөөнү жазган болсо сен өзгөртө албайсың. Сенин айыңан кыз үйдө отуруп калат, күнөөгө кирбе, ким менен үйлөнсө үйлөнсүн, жөн кой! Кыздын үйлөнүүсүнө тоскоол болбо» – деди. Бул жерде тоскоол болуу күнөөбү же тоскоол болбоо күнөөбү? ЖООП Аны айткандар тагдыр тууралуу билбегендиктен жаңылыш сөз сүйлөөдө. Тагдыр ар кимдин өз ирадасы (каалоосу) менен эмне кыла тургандыгын, ким менен…

Прочитайте больше

Береке жана берекесиздик

Береке жана берекесиздик

Суроо: Береке жана берекетсиздик деген эмне? ЖООП Береке – бул аз оокаттын көп пайдага жароосу. Аз оокат берекелүү болгондо көп адамдын ырахат болуусуна, жакшы иштердин кылынуусуна жарайт. Ээсинин дүнүйөдө жана акыретте жамандыкка кирүүсүнө себеп болчу берекелүү болбогон көп оокат болот. Ошондуктан, мал-оокаттын көп болуусун эмес берекелүү болуусун тилеш керек! Ырыскы эч өзгөрбөйт, азайбайт жана көбөйбөйт. Эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт. Эч ким өз ырыскысын жеп бүтүрмөйүн өлбөйт. Ким эгер Аллаху таала буйрук кылгандыгы үчүн…

Прочитайте больше