Видео: Германияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 11 адам каза болуп, 70и дайынсыз болууда

Видео: Германияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 11 адам каза болуп, 70и дайынсыз болууда

Германиянын Шульд коммунасынын Аденау шаарына жакын жерде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам алты үй кулап, 70тен ашуун адам дайынсыз болууда. Мындан тышкары, башка үйлөр дагы урап калуу коркунучунда турат. Германияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кеминде 11 адам каза болуп, 70тейи дайынсыз болуп жатканын РИА Новости Bild басылмасына шилтеме берип жазды. Буга чейин жети адам каза болгондугу айтылган. Бернд циклонунан улам дүйшөмбүдөн бери Германияда катуу жамгыр жаап жатат. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам көбүнчө өлкөнүн батыш жана түштүк-батыш аймактары…

Прочитайте больше

АКШ Ооганстандагы аскерлеринин 95%ын чыгарып кетти

АКШ Ооганстандагы аскерлеринин 95%ын чыгарып кетти

Америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылышы дээрлик аяктады, деп айтылат АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын билдирүүсүндө. Маалым болгондой, аскердик контингенттин 95% дан ашыгы өлкөдөн чыгып кеткен. АКШ армиясынын өкүлдөрү ошондой эле америкалык аскерлер буга чейин ээлеп келген жети объектти көзөмөлдөө ишин Ооганстандын Коргоо министрлигине өткөрүп бергенин билдиришти. Пентагон 17 миңге жакын жабдыкты жок кылат. Анын көпчүлүгү өлүмгө алып келбеген коргонуу каражаттары. Эске салсак, америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу 2021-жылдын башында пландаштырылган, бирок ал процесс созулуп, натыйжада, америкалык аскерлер…

Прочитайте больше

Окумуштуулар: 2030-жылы катуу суу ташкындары болот

Окумуштуулар: 2030-жылы катуу суу ташкындары болот

Ай циклинин жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 2030-жылдын ортосунда суу ташкыны кескин көбөйөт. Бул тууралуу Nature Climate Change журналы жазды. Мындай малыматты Американын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NАSA) чыгарган.Окумуштуулардын айтымында, Ай цикли климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн күчөтөт.NАSA космикалык агенттигинин администратору Билл Нельсондун деңиз деңгээлине жакын жапыз аймактар барган сайын коркунучка кабылып, суу ташкынынын көбөйүшү күчөй берерин баса белгилеп, “Айдын тартылуу күчү, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана климаттын өзгөрүшүнүн айкалышы биздин жээктерде жана дүйнө…

Прочитайте больше

Министр: калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөйт

Министр: калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөйт

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев “Азаттыктагы” маегинде мындай чечим 13-июлда президент Садыр Жапаров менен жолугуп, электр энергиясынын тариф саясатын талкуулангандан кийин кабыл алынганын айтты. Анын сөзүнө караганда, калкка электр энергиянын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкары тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Ал эми калган аймактардагы тургундар бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөйт. “Президент келерки жылы айлыкты, пенсия, жөлөк пулду көбөйтмөйүнчө калкка электр энергиясынын…

Прочитайте больше

Видео: Оогандык 345 кыргыз мал-жаны менен Тажикстанга кире качты

Видео: Оогандык 345 кыргыз мал-жаны менен Тажикстанга кире качты

13-14-июлда 345 ооган кыргызы талибдерден коркуп, Тажикстанды аймагына кире качты. Тажикстан Чек ара кызматы шаршембиде Бадахшан провинциясынын Андемин кыштагында жашаган 91 эркек, 77 аял жана 177 жашы жете элек бала (64ү эркек, 113ү кыз) Мургаб районуна карашуу Кызыл-Работ айыл аймагына келишкенин кабарлады. Маалыматка караганда, ооганстандык кыргыздарды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен. Ооганстандык кыргыздар мал жандыктарын айдай келишкен. Качкындар менен кошо 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана отуз жылкы кирген….

Прочитайте больше