Видео: Лондондо нөшөрлөгөн жамгырдан улам бир нече метро станцияларын суу каптады

Видео: Лондондо нөшөрлөгөн жамгырдан улам бир нече метро станцияларын суу каптады

Лондондо нөшөрлөп жааган жамгырдан улам райондорду, анын ичинде үйлөрдү, көчөлөрдү, жолдорду жана метро станцияларды суу каптады. ВВС маалымдагандай, 25-июль күнү кечинде Лондондо үч сааттын ичинде жааган жамгырдын көлөмү белгиленген нормадан ашып, жамгырдын деңгээли 51 миллиметрге жеткен. Суу ташкынынан улам борбор калаадагы көптөгөн жолдор, анын ичинде Темзадагы Блэкуолл туннели да жабылды. Суу ташкыны учурунда шаарда сегиз метро станциясы жана бир жеңил метро станциясы жабылды. Интернетте суу каптаган Pudding Mill Lane жеңил метро станциясынын видеосу жарыяланды. The…

Прочитайте больше

Кыямат сыяктуу: Кытайды кумдуу бороон каптады (видео)

Кыямат сыяктуу: Кытайды кумдуу бороон каптады (видео)

Кытайдын провинцияларынын бирин кубаттуу кумдуу бороон каптады. Кум дубалдын бийиктиги 100 метрге чейин жетти. Кытайдын бир бөлүгү суу ташкынынан жапа чегип жатса, дагы бир бөлүгү – Ганьсу провинциясы кубаттуу кумдуу бороонго  кабылды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды. Басылманын маалыматына ылайык, бийиктиги кеминде 100 метрге жеткен чаң булуттары менен болгон кумдуу бороон Кытайдын түндүк-батышындагы байыркы Дуньхуан шаарында хаос жаратты. Белгилей кетсек, Дуньхуанг Гоби чөлүндө жайгашкан. Бул шаар катаал климаты жана жашоо шарты менен…

Прочитайте больше

Бишкекте күндүн рекорддук ысышы күтүлөт

Бишкекте күндүн рекорддук ысышы күтүлөт

Гидрометеорология агенттиги аба температурасынын катуу ысышын билдирди. Синоптиктердин айтымында, бүгүн 26-июлда Кыргызстанда абанын температурасынын кыйла жогорулашы күтүлөт.Гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндүү зонасында аба +40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 39 градуска чейин ысыйт.Ал эми,  Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы плюс белгиси менен 23-25, күндүзгү жогорку температурасы +40 болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги айлана-чөйрөнүн жогорку температурасы коомдук саламаттык үчүн коркунучтуу фактор экендигин эскертти.«Бул айрыкча кары адамдарга, кош…

Прочитайте больше

Коронавирус болгондор ысыкта эмне кылуулары зарыл?

Коронавирус болгондор ысыкта эмне кылуулары зарыл?

Коронавирус жуктургандар же ага шектүү бейтаптар санитардык шарттарды тезинен сактоо менен биринчи кезекте дарыгерге кайрылышы керек. Эгерде бейтапты жаткыруу сунушталбаса жана COVID-19дун жеңил түрү менен ооруп, айрым дарылардын рецепти берилсе дагы, бейтаптар үй шартында оорунун жеңилирээк өтүшү үчүн бир кандай сунуштар берилет. Коронавирус гриппке окшош белгилери менен башталып, температура, жыт, даам сезбей калуу, шалдыроо жана башка белгилери менен коштолоору анык.Эң биринчи диета сунушталат, тагыраак айтканда таттуу, майлуу тамактарды токтотуп, жеңил шорпо, суп анан дагы эң…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жайгарылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жайгарылды

24-июлда Баткендин Көк-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымат таратып, кырдаал жайгарылганын билдирди. Расмий маалыматта, Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде эки тараптан тең чек арачылар ок чыгарганы айтылат. Чатакташууга чек арадагы талаштуу тилкеде тажик жарандары тазалоо иштерин жүргүзгөнү себеп болгон.“Учурда абал туруктуу, жеринде эки тараптын чек ара кызматтары, Баткен районунун акими жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө. Жараат алгандар жок”, – деп айтылды облустук бийлик тараткан…

Прочитайте больше