Ооганстанда май айынан бери жай тургундар арасында курмандыктар кескин көбөйдү

Ооганстанда май айынан бери жай тургундар арасында курмандыктар кескин көбөйдү

Бириккен Улуттар Уюму май жана июнь айларында Ооганстанда дээрлик 2400 жай тургун набыт болуп же жараат алганын кабарлады. Бул 2009-жылдан берки эң жогорку эки айлык көрсөткүч болуп калды.БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын маалыматына караганда, быйыл алты айда 5180ден ашык жай тургун жабыркаган. Алардын ичинен 1659 жаран набыт болгону миссиянын 26-июлда тараткан баяндамасында айтылат. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 47% көп. Буга “Талибан” кыймылы менен өкмөттүк күчтөрдүн май айынан баштап күчөгөн салгылаштары себеп катары көрсөтүлгөн.Өлкөдөгү соңку салгылаштардан…

Прочитайте больше

Орхан Инандынын жубайы түрк элчисин сотко берди

Орхан Инандынын жубайы түрк элчисин сотко берди

Орхан Инандынын жубайы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды сотко берди.  Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.Белгилей кетсек, Ахмет Садык Доганга каршы арыз берилгенинин себеби, ал мурдараак Орхан Инандыны Борбор Азиядагы ФЕТОнун башчысы катары Кыргызстанга коркунуч алып келээрин жана өтө жаман адам экенин айткан.Орхан Инандынын аялы бул тууралуу мындай деди: «Ахмет Садык Доган менин жолдошум жөнүндө жалган маалымат таратты. Алар бир гана Орхан Инандыны эмес, биздин бүт үй-бүлөбүздүн ар-намысын жана кадыр-баркын жаманатты кылышат. Күнөөсүздүк презумпциясы принцибине ылайык, кылмыш жасаган…

Прочитайте больше

Сауд Арабиясы чет элдиктерге Умра кылууга уруксат берет

Сауд Арабиясы чет элдиктерге Умра кылууга уруксат берет

Сауд Аравиясынын бийлиги 10-августтан тарта чет өлкөлүктөр Умра  зыяратына барууга уруксат бериле тургандыгын жарыялады.  Gulfnews маалымдагандай, зыяратчылар коронавируска каршы бардык алдын-алуу чаралары менен кабыл алынат.Атап айтканда, келген зыяратчылар коронавируска каршы, Падышалыкта бекитилген  (Pfizer, Moderna, Johnson & Johnson, AstraZeneca) вакциналар менен эмделген же ПЦР тести терс болушу керек.Албетте, вакцинациядан өтпөгөн зыяратчылар үч күндүк карантинден өтүп, андан кийин коронавируска каршы экинчи ПЦР тестинен өтүшү зарыл.Эске салсак, быйыл Мекке жана Мединада исламдын ыйык жерлерине Хаж зыяраты 17-22-июль күндөрү…

Прочитайте больше

Бишкектин отканалары көмүрдөн газга которулат

Бишкектин отканалары көмүрдөн газга которулат

Бир откананы көмүрдөн газга өткөрүү орто эсеп менен жылына зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун 25 тоннага кыскартат. Бул тууралуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйынында билдирди.Анын айтымында, буга чейин «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 23 отканасы газ менен иштеп жатат. Калганын экологиялык газга өткөрүү пландалууда.Белгилей кетсек, Бишкекте жыл сайын, айрыкча кыш мезгилинде абанын булгануусу жогорку деңгээлге жетип турат. Буга жылытуучу отканаларга көмүрдөн пайдалануу себеп болсо, бир четинен таштанды полигонунан чыккан түтүн да кошумча болот.Бактыбек Кудайбергеновдун билдиргенине ылайык, бүгүнкү…

Прочитайте больше