“Аль-Каида» менен “Талибан” бирикти

“Аль-Каида» менен “Талибан” бирикти

“Аль-Каида” террордук уюмунун согушкерлери Панжшер провинциясын басып алууга аракет кылган талибдерге кошулушту. “Аль-Каида” менен “Талибан” согушкерлеринин бириккени тууралуу Al Arabiya телеканалы билдирди. Бул тууралуу Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун өкүлү: “Аль-Каиданын” согушкерлери Панжшерге кол салуу үчүн талибдерге кошулду”,- деди.Эске салсак, өткөн аптада башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн майнапсыздыгынын натыйжасында талиптер Панжшердеги каршылыктарга каршы аскердик операция баштаган.Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун өкүлү Фахим Дашти талиптер тынчтык жолу менен жөнгө салууга берилгендиктерин, бирок согуш баштоого да даяр экенин билдирген.

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрден ашты

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрден ашты

“Электр станциялар” ААКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 3-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12, 042 млрд. метр кубга жетти. Суу сактагычка суткасына орто эсеп менен 380 метр куб суу агып келип, 172 метр куб суу чыгып жатат. Токтогул суу сактагычындагы суунун максималдуу көлөмү – 19,5 млрд. метр куб. 17 млрд. деңгээл “нормалдуу” деп саналат. Мындан ылдыйлаганда электр кубатынын подстанцияларына ашыкча күч келип, жарык өчүп калышы мүмкүндүгү айтылып келет.Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи – Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр…

Прочитайте больше

«Танк биатлону – 2021»: Кыргызстандын командасы Тажикстанды артка калтырып биринчи орунду ээледи

«Танк биатлону – 2021»: Кыргызстандын командасы Тажикстанды артка калтырып биринчи орунду ээледи

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамасы Россиянын Алабино аскер машыгуу полигонунда өткөн “Танк биатлону – 2021” таймашынын жеңүүчүсү болгонун “Кабар” агенттиги жазды. Кыргызстандын командасы биатлондун экинчи дивизионунда күчүн сынады. Таймаштын финалында кыргыз аскерлери Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын командалары менен жарышып, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчү орунду Мьянма алды. Эстафета түрү боюнча жарышта кыргыз танкисттери 24 бутанын ичинен 11ине тийип, башка атаандаштарына караганда алдыга чыкты. Ал эми маарага 2 саат 16 мүнөтт 51…

Прочитайте больше

Ооганстандын өкмөтүн Абдул Гани Барадар жетектеши мүмкүн

Ооганстандын өкмөтүн Абдул Гани Барадар жетектеши мүмкүн

Буга чейин Ооганстандын  өкмөтүн талиптердин лидери Хайбатулла Ахунзад жетектээри айтылган. Бирок, кийинчерээк молдо Абдул Гани Барадар Ооганстандын өкмөт башчысы болуп калышы мүмкүн экени кабарланган. Ошондой эле, жетекчилик кызматтарга жаңы талапкерлер белгилүү болду: молдо Мухаммад Якуб жана Шер Мухаммад Аббас.Бул маалыматты Рейтер агенттиги “Талибан” кыймылынын бир нече булактарына таянып кабарлады.Белгилей кетсек, буга чейин Барадар Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчылыгына талапкер экени айтылган.Учурда Коргоо министрлигинин башчысынын кызматын Американын Гуантанамо түрмөсүнүн мурдагы туткуну Абдул Каюм Закир ээлейт.Эске салсак, Ооганстан өзүнүн болочок өкмөтүн түзүү процесси акыркы этабына кирди.

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө кайсы?

Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө кайсы?

Австралиянын Экономика жана Тынчтык Институту түзгөн дүйнө өлкөлөрүнүн тынчтыктын жылдык рейтингинде курал-жарак эң көп импорттогон өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланган. Бул жаатта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстан курал-жарак импорттоо боюнча алдыга чыккан. Ошондой эле курал импортунун эң чоң өсүшү Арменияда, Түркмөнстанда жана Катарда катталган. Жалпысынан бул көрсөткүч изилдөөдө чагылдырылган 163 өлкөнүн 92синде жогорулап, орточо өсүш 4%ды түздү.Албетте, 2021 -жылы курал импорту боюнча көрсөткүчтөрдүн эң начарлашы бүткүл дүйнөдө байкалат.Жалпысынан Түркмөнстан 2154 упай топтоп, тынчтык рейтингинде 109 -орунду ээледи…

Прочитайте больше