БУУнун Баш катчысы талиптердин бийликке келишинин кесепеттерин атады

БУУнун Баш катчысы талиптердин бийликке келишинин кесепеттерин атады

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Ооганстанда талиптердин бийликке тез келиши дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү террордук топторго дем бериши мүмкүн экенин айтты. “Мени дүйнөнүн ар кайсы бурчунда болуп жактан окуялар абдан тынчсыздандырат. “Талибан”  кыймылынын Ооганстанда жеңишке жетишкени, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү башка террордук топторго дем бериши мүмкүн. Алардын талиптерден канчалык айырмаланары маанилүү эмес”, – деди Гутерреш маалымат жыйынында. Ал Ооганстан армия исламисттердин алдында кантип качып кете аларын көрсөткөнүн белгиледи. Гутерреш терроризмге жана көптөгөн өлкөлөрдүн ага каршы күрөшүүгө даяр…

Прочитайте больше

Бишкеке дагы 210 жаңы автобус алынып келди

Бишкеке дагы 210 жаңы автобус алынып келди

Бүгүн, 11-сентябрда Ала-Тоо аянтында жаңы автобустардын презентациясы болуп өттү. Бул жолу калаага экологияга зыян келтирбей турган, газ менен иштеген 210 автобус алынып келинди. Бүгүнкү күндө муниципалитет акырындык менен транспорт маселелерин чечип, түтүнгө каршы чараларды көрүүдө. Эскерте кетсек, Бишкек мэриясы “Эко Пассажир Транспорт” ЖЧКсы менен ушул жылдын аягына чейин 350 даана “СамАвто” ЖЧКсы (Өзбекстан) тарабынан чыгарылган япониялык “ISUZU” автобустарын алып келүү боюнча кызматташтык келишимине кол койгон. Келечекте өнөктөштөр 2022-2023-жылдарга карата түзүлгөн келишимдердин алкагында газ кыймылдаткычы менен иштеген…

Прочитайте больше

Индиянын үйлөнүү үлпөт тойлору Кыргызстанда өтөт

Индиянын үйлөнүү үлпөт тойлору Кыргызстанда өтөт

Индиялыктар үйлөнүү үлпөт тоюлорун Кыргызстанда өткөрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Индия-Евразия соода кеңешинин өкүлү Харвиндер Пал Мехта билдирди. Анын айтымында, индиялыктардын үйлөнүү тойлорун өлкөдө өткөрүү менен туризмдин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт. Тагыраак айтканда, индиялыктар Болливудду Кыргызстанда таанытууга жана Индиянын үйлөнүү үлпөтүн Кыргызстандын кооз жайларында өткөрүүгө кызыкдар. “Биз Кыргызстанды бал айына саякатка жана үйлөнүү үлпөтүнө айландыргыбыз келет. Бул үчүн биз пансионаттар, мейманканалар менен тыгыз иштешебиз. Биз абдан жемиштүү кызматташабыз”, – деди Харвиндер…

Прочитайте больше

Кыргызстанда тамекинин кесепетинен жыл сайын 6 миңден ашуун адам каза болот

Кыргызстанда тамекинин кесепетинен жыл сайын 6 миңден ашуун адам каза болот

Кыргызстанда жыл сайын тамеки чегүүгө байланыштуу ар кандай оорулардан 6 миңден ашуун адам каза болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда каза болгондордун 70%га жакыны жүрөк-кан тамыр, онкологиялык жана бронхопульмониялык оорулардан көз жумат. Министрлик тамекини колдонуу жынысына, жашына, расасына, маданиятына жана билимине карабай, ар бир адамдын ден соолугуна коркунуч туудурарын кошумчалады. Улуттук онкология жана гематология борборунун бөлүм башчысы Турусбек Абдылдаев онкология оорусу жыл сайын өсүп жатканын…

Прочитайте больше