«Талибандын» лидери Барадар 2021-жылдын эң таасирдүү 100 адамдын катарына кирди

«Талибандын» лидери Барадар 2021-жылдын эң таасирдүү 100 адамдын катарына кирди

Америкалык Time журналы 2021-жылга карата дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын тизмесин жарыялады. Журнал 100 таасирдүү адамды “Титандар”, “Новаторлор”, “Искусство ишмерлери”, “Лидерлер”, “Ойлоп табуучулар” жана “Кумирлер” деген категорияларга бөлгөн. Бул жылы Ирандын президенти Ибрагим Раиси, “Лидерлердин” катарына Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башчысы Нгози Оконжо-Ивеала, Италиянын премьер-министри Марио Драги, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун башчысы Рошел Валенски, Сальвадордун президенти Найиб Букеле жана Ооганстандын өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар кирди. Экинчи жыл катары менен бул категориянын тизмесине Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин,…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров ЖККУ саммитинде «Талибан» менен диалог жүргүзүүнү сунуштады

Садыр Жапаров ЖККУ саммитинде «Талибан» менен диалог жүргүзүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясындагы сөзүндө Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди. Мамлекет башчысы  Кыргызстандын ЖККУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи. Мамлекет башчысы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Ооганстандагы азыркы кырдаалга олуттуу кабатырлануусун билдирди. Ал биздин региондо теократикалык мамлекеттин калыптанышы, сөзсүз түрдө, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн учурдагы кырдаалына терс таасир этээрин белгиледи. Аны менен бирге ал кыргыз тараптын Ооганстан менен…

Прочитайте больше

«Талибан» аялдар иши боюнча министрликке эркектердин гана кирүүсүнө уруксат берди

«Талибан» аялдар иши боюнча министрликке эркектердин гана кирүүсүнө уруксат берди

“Талибандын” өкүлдөрү Кабулдагы Аялдар иштери боюнча министрликте иштеген аялдарга  жумушка кирүүгө уруксат беришкен жок. Ошол эле учурда, эркек кызматкерлерге ведомствого кирүүгө уруксат берилгенин министрликтин кызматкерлеринин бири РИА Новостиге билдирди. “Төрт аялга имаратка кирүүгө уруксат берилген жок”, – деп айтылат маалыматта. РИА Новости билдиргендей, аялдар министрликтин имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүүнү пландап жатышат. Ооганстанда талиптердин мурунку бийлиги учурунда (1996-2001) аялдардын укуктары чектелген. Аларга макияж колдонууга, коомдук жайларда жүзүн көрсөтүүгө, радиодо, телекөрсөтүүлөрдө ошондой эле эркек туугандарынын коштоосусуз…

Прочитайте больше