Окумуштуулар: Кулакчын дүлөйлүккө алып келет

Окумуштуулар: Кулакчын дүлөйлүккө алып келет

Учурда жаштар кулакчын менен музыка угууну адатка айландырып алышты. Адистердин айтымында, кулакчынды күнүнө 1 сааттан ашык пайдаланып, ыр уккан адам эртеби-кеч дүлөй болот. Кулакчын ден-соолукка терс таасирин тийгизип эле койбостон, коомдо ар кандай жагымсыз окуяларга да себеп болуп келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул боюнча иликтөө жүргүзүп, дүйнөдө 1,1 миллиард жаштар убакыттын көп бөлүгүн кулакчын менен ыр угуп өткөрүшөрүн билдирген. Натыйжада, жер бетиндеги 12-35 жаш аралыгындагы адамдардын басымдуу бөлүгүнүн угуу жөндөмдүүлүгү начарлап кеткенин аныкташкан….

Прочитайте больше

Ташиев «Кумтөр» иши боюнча Швейцарияга учуп кетти

Ташиев «Кумтөр» иши боюнча Швейцарияга учуп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Женевага учуп кетти. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, Камчыбек Ташиев Швейцарияга «Кумтөр» иши боюнча барат. «УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди 53 жаш курагы менен куттуктайм. Бүгүн 27-сентябрь туулган күнү. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган “Кумтөр” маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь эртең менен учуп кетет. Кумтөр боюнча тагдыр чечээр күн келиптир. Сапары байсалдуу болуп, Кыргыз элибиздин ырыскысын кайтарса экен!», – деп жазды Рахманов. Белгилей кетсек, бүгүн,…

Прочитайте больше

«Шамбала» тасмасы Оскарга көрсөтүлдү

«Шамбала» тасмасы Оскарга көрсөтүлдү

Кыргызстандын Оскар комитети 2021-жылы 18-сентябрдагы жыйынында режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасын Американын кинематография искусствосу жана илимдер академиясынын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Оскар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.Тасма “Эң мыкты эл аралык көркөм тасма” наамына көрсөтүлөт.Белгилей кетсек, аталган тасма Чыңгыз Айтматовдун “Ак-кеме” повестинин негизинде тартылган. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2020-жылы Шанхайдагы эл аралык фестивалда өткөн. Ушул жылдын 25-апрелинде тасма Балтика, Грузия жана КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты тасма үчүн “Ника – 2020” сыйлыгын жеңип алган.Учурда чет…

Прочитайте больше

«Талибан» Тажикстан менен чек арага миңдеген атайын күчтөрүн жайгаштырды

«Талибан» Тажикстан менен чек арага миңдеген атайын күчтөрүн жайгаштырды

“Талибандын” басма сөз катчысы Забихулла Мужахид талиптер “миңдеген” аскерлерин Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Тахар провинциясына жөнөткөнүн билдирди. Забихулла Мужахид 25-сентябрда өзүнүн Твиттердеги баракчасына аскердик унаалардын жана аскердик формачан адамдардын сүрөттөрүн жарыялап, Мансури  армиясынын миндеген атайын күчтөрү Тахарга жайгаштырылганын  жазган. Белгилей кетсек, Тажикстандын Ооганстан менен чек арасы 1400 чакырымдан ашат, акыркы убакта Тажикстан Орусия жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башка мүчөлөрү менен тажик-ооган чек арасында биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүп, аларды чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү үчүн колдонууда.

Прочитайте больше

Акылдуулуктун өлчөмү

Акылдуулуктун өлчөмү

Акылдуу деп өз пайдасын, зыянын билген адамды  айтат. Дүйнөлүк табыштарын ойлогондой акыреттик  табыштарын да ойлогон адам – акылдуу. Эң көп дегенде  100 жылдык өмүрдү ойлоп, түбөлүк болгон акырет өмүрүн  ойлобогон адамды акылдуу эмес акмак адам деп айтат.  Акылдуу болуу өтө баалуу. Хадиси шарифте: «Аллаху  тааланын даргейинде эң урматтуу болгонуңар – акыл  жагынан жогору болгондоруңар» (И.Газали)  «Акылдуу болбогон адамдын дини да жок.» (Тирмизи)  «Акылдуу адам ыйман келтирет.» (Байхаки)  Демек, ыйман келтирген, акырет өмүрүн ойлогон адам  акылдуу….

Прочитайте больше

Расулуллахтын Хазрети Алиге насааты

Расулуллахтын Хазрети Алиге насааты

Момундун 3 белгиси болот: Намаз окуу, орозо кармоо жана садага берүү. Риякордун (бир нерсени эл көрсүн үчүн кылган кишинин) 3 белгиси бар: Адамдардын жанында намазынын руку жана саждаларын толук орундайт, эч ким көрбөгөн жерде эч бир рукуну толук орундабайт. Мактаган кезде берилип ибадат кылат. Адамдардын арасында Аллаху тааланы көп зикир кылат. Заалымдын 3 белгиси бар: Өзүнөн төмөн тургандарга кысым көрсөтөт. Күчү жеткенче элдин мал-мүлкүн кыйнап тартып алат. Жеп-ичүүдөн жана кийинүүдөн эч нерсени аябайт. Сараңдардын 3 белгиси болот: Жанында болгон адамдын бетине…

Прочитайте больше

Китеп окууга болгон ынтызарлык

Китеп окууга болгон ынтызарлык

Китеп окууга деген ынтызарлык менен ыкылас  көпчүлүгүбүздө бар. Бирок, ар түрдүү мүмкүнсүздүктөр жана  кайдыгерликтин айынан бул каалообузду орундай албай  келебиз. Негизи китеп окуу көнүмүшкө айлануучу касиет. Бул  да бала кезден, мектептен башталса көнүмүшкө айланат.  Окууга көнбөгөн болсок колдогу бар мүмкүнчүлүктү  пайдаланып, бул жакшы адатты азыртадан баштоого да  болот.   Адам окуган сайын билимге ээ болот. Ал эми билими  көбөйгөн сайын билиминин аз экенин сезе баштайт. Бул  сезим адамды көбүрөөк окууга түртүп, адамда окууга деген  көнүмүш пайда…

Прочитайте больше