Эки популярдуу витамин рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары аныкталды

Эки популярдуу витамин рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары аныкталды

Норвегиянын Хаукеланд университетине караштуу оорукананын дарыгери Марта Эббинг изилдөө жүргүзүп, адамдар көп пайдаланган эки витамин рак оорусуна чалдыгуу коркунучун арттырарын аныктады. Бул тууралуу Американын медициналык ассоциациясынын журналы жазганын чет элдик басылмалар маалымдашты. Изилдөөнүн жыйынтыгында В12 жана фолий кычкылы рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары белгилүү болгон. Бул эки витаминди кабыл алган жүрөк оорусу менен жабыркагандарда бул кошумчаларды ичпеген жүрөк оорулууларына салыштырмалуу кандайдыр бир себептерден улам рак жана өлүм коркунучу бир аз жогорулаган. Окумуштуулардын айтымында, фолий кислотасы жана В12…

Прочитайте больше

Тажикстан Ооганстандын жаңы бийлигин тааныбайт

Тажикстан Ооганстандын жаңы бийлигин тааныбайт

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Тажикстандын Кабулдагы талиптердин өкмөтүн таануу ниети жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 27-октябрда Тегеранда өткөн Ооганстандын коңшуларынын министрлеринин жыйынында сүйлөп жатып айткан. Тажик дипломаты Ооганстандын жаңы өкмөтү бийликке бүтүндөй элдин, анын ичинде башка этностордун да пикирин эске албай күч менен келгенин белгиледи. “Этникалык тажиктер ооган элинин 46%ын түзгөндүктөн улам жаңы өкмөттүн курамында орун алышы керек болчу”, – деди Мухриддин. Белгилей кетсек, аймактагы өлкөлөрдүн, дүйнөлүк державалардан, ошондой эле эл аралык уюмдардын “Талибан”…

Прочитайте больше

Видео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды

Видео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды

Япониянын “ALI Technologies” компаниясы саатына 100 чакырым жүрүүгө жөндөмдүү болгон “учуучу мотоциклин” көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Бул укмуштуу техниканы “Xturismo” деп аташкан. Ал катуу ылдамдыкта токтобой 40 мүнөткө чейин жүрө алат. Баасы 682 миң доллар. Презентация учурунда “Xturismo” жерден бир нече метр бийиктикке көтөрүлүп, абада бир жарым мүнөттөй айланып турду. Аппараттын салмагы 300 кг. жана ал бир адамды көтөрүүгө ылайыкталган. *ALI Technologies” компаниясы заказдарды ала баштады. 200 даанадан турган биринчи партиясын чыгарууну…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров ноябрда Эрдоган менен жолугушууга ниеттенүүдө

Садыр Жапаров ноябрда Эрдоган менен жолугушууга ниеттенүүдө

Президент Садыр Жапаров ноябрда Стамбулда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-саммитине катышат. Сапардын алкагында ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон менен жолугушары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 29-октябрда Жапаров Түркиянын Соода биржалар жана палаталар бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык маселелери жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Сүйлөшүү учурунда Жапаров Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын айтты. Садыр Жапаров 2021-жылы июнда Түркияга расмий сапар менен барып, Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан. Анда…

Прочитайте больше

Кыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда: Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтинги

Кыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда: Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтинги

Эл аралык “Global Firepower” компаниясы жыл сайын дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтингин жарыялап турат. Баалоодо дээрлик 50 көрсөткүч: анын ичинде аскер күчтөрүнүн саны, техникалык камсыздоо, каржылоо жана жоокерлердин мобилдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү сыяктуу критерийлер эске алынган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан эң жакшы натыйжаларга жетише алды: республика рейтингде 51-орунга чыкты. Казакстан 61, Түркмөнстан 86 жана Кыргызстан 93-орунда жайгашкан. Ал эми Тажикстандын армиясы 99-сапка илинген. Ошол эле учурда “Global Firepower” тизмесине Ооганстан да кирген. Республика 75-орунда турат. Рейтингде…

Прочитайте больше

Кытай Тажикстанга аскердик база куруп берет

Кытай Тажикстанга аскердик база куруп берет

Кытай Тажикстандын күч түзүмдөрү үчүн тажик-ооган чек арасына жакын жердеги Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна аскердик база курат. 27-октябрда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы бул тууралуу чечимди жактырганын маалымат каражаттары жазышты. Өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Абдурахмон Аламшозода парламентте база автоном облустун Ишкашим районундагы Вахан айылына куруларын айтты. Маалыматка караганда, курулуштун бюджети 55 миллион кытай юаны деп бааланууда. Бул болжол менен 100 миллион сомони болот. Парламент депутаты Толибхон Азимзоданын айтымында, бул режимдик объект Тажикстандын Ички иштер министрлигине таандык болот. Макулдашууга ылайык,…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран темир жол коридорун ачууну талкуулашты

Кыргызстан менен Иран темир жол коридорун ачууну талкуулашты

Кечээ, 27-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразини кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө иран элчиси министр Казакбаевге Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахияндын атынан Иранга иш-сапары менен келип кетүүгө расмий чакыруусун тапшырды. “Тараптар кыргыз-иран эки тараптуу мамилелеринин абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы  эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Бишкек шаарында ирандык Соода үйүнүн ачылышы, Бендер-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу…

Прочитайте больше

Кыргызстан чакан ГЭСтерди салууну көбөйтпөсө, абал оорлой берет

Кыргызстан чакан ГЭСтерди салууну көбөйтпөсө, абал оорлой берет

Азыр Ош шаарынын четиндеги Озгур айылында 1 мВт.тык чакан ГЭС курулуп жатат. Аны бир айга жакын аралыкта пайдаланууга берүү күтүлүүдө. Бул болжол менен 400 үй-бүлөнү жарык менен камсыз кыла алат дейт чакан ГЭСти куруп жаткан “Ак Буура Групп” ишканасынын жетекчиси Дүйшөн Муратов. Аталган компания мындан сырткары, дагы 3 долбоорду баштаганы турат. Алар Баткен облусунун Исфайрам суусуна кубаттуулугу 12 жана 16 мВт түзгөн эки чакан ГЭС жана алыскы Зардалы айылына 29 мегаватты түзгөн дагы бир чакан ГЭС…

Прочитайте больше

А. Жапаров келерки жылы бюджетти 400 млрд. сомго кайдан толтурарын айтты

А. Жапаров келерки жылы бюджетти 400 млрд. сомго кайдан толтурарын айтты

27-октябрда Парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийинки жылы бюджетти кантип 400 млрд. сомго көтөрөрүн түшүндүрүп берди. Жыйынды Парламент 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун биринчи окуудан колдоду. Финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасап, кийинки жылы консолидацияланган бюджет 400,7 миллиард сомго жетерин билдирди. Министрдин баяндамасынан кийин депутат Таабалды Тиллаев мындай чоң планды колдош керек экенин, бирок мындай көп сумманы каяктан аларына кызыгып, Министрлер кабинетинин төрагасына суроо узатты. Министрлер кабинетининин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти толтуруу боюнча планын айтып берди. Анын айтымында, негизги киреше…

Прочитайте больше

Белек берүүнүн сүннөт боюнча 18 эрежеси

Белек берүүнүн сүннөт боюнча 18 эрежеси

Белек берүү пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү болуп эсептелет. Аллахтын элчиси ﷺ бири-бирине болгон сүйүүнү күчөтүү жана Жараткандын ыраазычылыгына жетүү үчүн белек берүүнү буюрган. Ибн Умардын айтканы боюнча, Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:“Алла үчүн силерден сураганга бергиле, силерди чакыргандарга баргыла, силерге белек бергенге белек бергиле. Бергенге эч нерсе таппасаңар, ал адам үчүн дуба кылгыла”.Дагы бир хадисте мындай деп келет:“Белек алышып-беришкиле. Себеби белек көңүлдөгү кекти жоготот”. Исламда белек берүүнүн, алуунун этикети жана эрежелери бар: 1. Белек берүүнүн чыныгы максаты…

Прочитайте больше

Түгөй тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл? Эң маанилүү 4 кеңеш

Түгөй тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл? Эң маанилүү 4 кеңеш

Пайгамбарыбыз ﷺ төгөрөгү төп келишкен, мээримдүү, түшүнүктүү, ырайымдуу жана сабырдуу күйөө болгон. Ар бир мусулман кызы Аллахтын элчисиндей ﷺ сыпаттары бар, же ошондой болууга умтулган күчтүү адамга турмушка чыкканга тырышат.Жар тандоо – ар бир адамдын жашоосундагы олуттуу кадам. Дүйнө жана акыреттеги бактылуулук ошол тандаган адамыңдан көз каранды. Ошондуктан, чечим чыгарууда жакшылап ойлонуп, терең талдоо зарыл. Ислам аалымдары, эл акылмандар түгөй тандап жатканда буларга көңүл буруу маанилүү экендигин айтышат: Адамгерчилик Көп убакта адамдар жактырууну сүйүү менен…

Прочитайте больше

Кадыр ажы жооп берет: Улуттук суусундуктар болгон кымыз, бозо, шорону ичсе болобу?

Кадыр ажы жооп берет: Улуттук суусундуктар болгон кымыз, бозо, шорону ичсе болобу?

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө. Кезектеги суроо Ислам улуттук суусундуктарга кандай карары туурасында келди. Халал (адал) – шарият уруксат берген, харам (арам) – тыюу салынган, макрух (макүрөө) – жакшы эмес, жагымсыз азыктар. Суроо бул суусундуктардын курамындагы алкоголго байланыштуу берилген. Мисалы, жаңы кымыз шек-күмөнсүз адал, ичүүгө уруксат берилет. Анткени анын курамында алкоголдун үлүшү өтө аз. Ал эми бир нече күн же андан…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Ирандын учурдагы соода-экономикалык мамилелери өз деңгээлинде эмес

Кыргызстан менен Ирандын учурдагы соода-экономикалык мамилелери өз деңгээлинде эмес

Иран президенти: “Иран менен Кыргызстандын учурдагы соода-экономикалык мамилелери өз деңгээлинде эмес  жана эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жакшыртуу керек”. Кечээ, 25-октябрда Ирандын президенти Ибрагим Раиси Кыргызстандын Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыковдон ишеним грамотасын алды. Кыргызстандын дипломаты менен Ирандын башчысынын жолугушуусунда эки тараптуу мамилелер талкууланды. Раиси өз сөзүндө Иран менен Кыргызстандын учурдагы соода-экономикалык мамилелери өз деңгээлинде эмес экенин жана эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жакшыртуу керек экенин айтты. “Эки…

Прочитайте больше

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу пландалууда

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу пландалууда

Кечээ, 25-октябрда Бишкекте “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин Кытайдын “Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу” ЖЧКсынын делегация башчысы, “Кытай эл аралык инеженердик тобу” (CОVEС) ЖЧКсынын Борбордук жана Батыш Азия боюча аймактык директору Дзен Линбо менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча инфраструктуралык жана башка долбоорлорду талкуулашты. “Иш сапардын алкагында делегациянын Бишкек – Кайыңды, Бишкек…

Прочитайте больше

Окумуштуулар адам коронавирусту канча жолу жуктура аларын аныкташты

Окумуштуулар адам коронавирусту канча жолу жуктура аларын аныкташты

Адам COVID-19га каршы вакцина албаса жана вируска каршы чараларды сактабаса, ар бир үч айда коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу бар. Бул тууралуу чет элидик басылмалар жазды. 2020-жылы коронавирусту кайра жуктуруп алуу өтө сейрек болгон. Бирок кийинчерээк окумуштуулар коронавирус менен ооругандан кийин алынган иммунитет убакыттын өтүшү менен алсырай турганын аныкташкан. Изилдөөлөргө ылайык, COVID-19 менен ооруп айыккан 65 жашка чейинки адамдар алты айдын ичинде инфекцияны кайра жуктуруп алуудан 80% корголгон болсо, 65 жаштан жогору болгон бейтаптар 47%га гана…

Прочитайте больше
1 2 3 6