Түрмөдөгү эки тараптын мушташынан 116 адам өлдү

Түрмөдөгү эки тараптын мушташынан 116 адам өлдү

Абактагы башаламандыктан кийин Эквадор түрмөлөрүнө өзгөчө абал киргизилди. Эквадордун Гуаякиль шаарында жайгашкан “Литорал” түрмөсүндөгү башаламандыктан 116 киши өлүп, 80и жаракат алды. Associated Press агенттиги каза болгондордун бешөөнүн башы кесилгенин кабарлады. BBC’нин маалыматына караганда, башаламандык 28-сентябрда түрмөнүн бир бөлүгүндөгү камактагы адамдар экинчи тарапка өтүп, андагы адамдарга чабуул койгондон кийин башталган. Өлкө бийлиги тополоңго эл аралык баңгизат картелине байланышы бар Los Lobos жана Los Choneros деп аталган эки топтун түрмөдө бийлик жүргүзүүнү талашканы себеп болгонун билдирди. Маалыматтарга…

Прочитайте больше

Москва тажик-ооган алакасындагы чыңалууга тынчысызданып жатканын билдирди

Москва тажик-ооган алакасындагы чыңалууга тынчысызданып жатканын билдирди

Москва Тажикстан менен Ооганстан чек арага күчтөрүн тартып жатканына тынчсыздануусун билдирип, тараптарды «жаралган кырдаалды жөндөй турган, эки өлкөгө тең ыңгайлуу варианттарды издөөгө» чакырды. Бул тууралуу Москвада 30-сентябрда өткөн брифингде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алексей Зайцев билдирди. Буг чейин «Озоди» радиосу кабарлагандай, талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид 25-сентябрда Твиттерге Ислам Эмиратынын Мансури армиясынын «он миңдеген аскерлери Тажикстанга жакын Тахор аймагына тартылганын» жазган. Бир нече күн мурда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстан менен чектешкен Тоолуу Бадахшан автоном облусуна барганда күч түзүмдөрү аскердик парад…

Прочитайте больше

Грузияда кармалган Михаил Саакашвили ачкачылык жарыялады

Грузияда кармалган Михаил Саакашвили ачкачылык жарыялады

Грузиянын мурдагы президенти жана Украинада Реформалар боюнча улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы Михаил Саакашвили мекенинде кармалгандан кийин ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Грузиянын акыйкатчысы Нино Ломжария билдирди.“Саакашвили ачкачылык жарыялаганын айтып, Украинанын жараны катары украиналык консул менен жолугушууну суранды”, – деди акыйкатчы.Анын айтымында, Саакашвили кармоо учурунда каршылык көрсөткөн эмес, ошондуктан ага каршы эч кандай күч колдонулган эмес.Экс-президент 1-октябрда кармалган. Ал мекенине сегиз жылдан бери биринчи жолу муниципалдык шайлоонун алдында кайтып барган. Саясатчы камакка алынганга чейин грузиндерди добуш берүүгө барууга үндөгөн видео…

Прочитайте больше

Кыргызстан Тажикстандан электрэнергия сатып ала баштады

Кыргызстан Тажикстандан электрэнергия сатып ала баштады

Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан электр энергия сатып ала баштады. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Тажикстанда электр энергиясы ашыкча болгондуктан, аны Кыргызстанга импорттоого даяр экенин билдирген.Бекмурзаев Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 миллион киловатт саат электр энергиясын ала баштаганын билдирди. “Тажикстандагы кесиптештерибиз электр энергиясы өздөрүндө ашыкча болуп жатканын айтып, “электр энергия керек болсо ала бергиле” дегенинен макулдугубузду бердик. Тажик тарап кечээ өздөрү бизге телефон чалып кайрылды. Бүгүн эки саат…

Прочитайте больше